Бир нече жарандын үйүнө кирип, ар түрдүү буюмдарды уурдаган жаран автоунаа уурдоого шектелип кармалды

Кара-Сууда жарандын турак үйүнөн автоунааны уурдап чыгып, бир нече кылмыш жасаганга шектүү адам кармалды. Мындай маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
 
Маалым болгондой, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 2025-жылдын 17-февраль күнү Савай айыл аймагынын тургуну 1967-жылы Р.А. аттуу тургундун үйүнө белгисиз адам кирип, бөлмөдө турган 100 000 (жүз миң сум) өзбек сумун жашыруун түрдө уурдап, үйдүн короосунда турган “Хундай Аванте” үлгүсүндөгү автоунаасын укук ченемсиз ээлеп алып, айдап качып кеткендиги тууралуу маалымат катталган. 
 
Бул факты боюнча чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин  (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) белгилери менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаранды ыкчам-издөө иштери башталган.
 
«Ош ОИИБдин жана Кара-Суу РИИБдин  кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында  24-февраль күнү кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1993-жылы туулган А.С. аттуу тургуну кармалып, камакка алынды. Ал уурдалган автоунаага Россия Федерациясынын мамлекеттик белгисин тагып алып жүргөндүгү маалым болгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү жаран дагы башка 9 адамдын  батирине  кирип,  ар кандай буюмдарды уурдап кеткендиги аныкталды. Бул фактылар боюнча  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду»,- деп айтылат маалыматта.
 
Учурда шектүүнүн башка кылмышка тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз