Рамистин жашоосун өзгөрткөн “3 саат”

Беш жаштагы Рамис эки ай мурда бакча босогосун аттаган. Жаңы чөйрөгө бат көнүп кетти. Шаңдуу досторуна, кооз бакчасына күн сайын шашылат. Анын балалыгына түстүү боекторду кошуп, билим дүйнөсүнө көпүрө болгон жай – айыл тарыхындагы алгачкы бала бакча. 

 
“Балам бакчага барганча чейин түнт болчу, адамдарга жакындап, көп сүйлөшө берчү эмес. Чогуу ойногон достору да аз эле. Бакчага бара баштагандан кийин көп өзгөрүүлөр болду. Адамдар менен сүйлөшө баштады, өзгөчө сүрөт тартканды жактырып калды. Тарбиячы айткан тапшырмаларды кылышым керек деп альбомдогу сүрөттөрдү тартып калат. Кийимдерин өзү чечип-кийип, тизип, текчесине коюп, өз алдынча болуп калды. Эң башкысы телефон кармагандан алыстады”, - деп кубанат Рамистин апасы Калича Токобаева.
 
Рамис каттаган бакча “Зирек” деп аталат. Ал Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Абад айылында жайгашкан. Билим берүү жана илим министрлиги мекемени 2024-жылы ачты. Азыр мында нөөмөт менен 100 бала тарбияланат. 
 
“Зирек” Кызыл-Абаддын тарыхындагы эң алгачкы бакча болгону жалгыз өзгөчөлүк эмес.  Дагы бир айырмачылыгы – ал кыска мөөнөттүү деп аталат да, балдар бакчада 3 саат эле жүрүшөт. 
 
3 саат – мамлекеттик стандартта жеткинчектерди курагына жараша өнүктүрүү үчүн белгиленген убакыт. Башкача айтканда, балдар окуу-тарбия жагынан эч аксабайт, болгону укташпайт жана тамак ичишпейт.  Кыска мөөнөттүү бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.
 
Албетте, бакчанын мындай форматы жергиликтүү эл үчүн чоң жаңылык болду, айрымдар үч сааттык өнүктүрүү багытына ишеним арта албай турду. Бирок кыска мөөнөттүү бакчалар бир топ натыйжалуу болоруна балдарындагы өзгөрүүлөрдөн улам ынанып отурушат. 
 
“Биздин айылда бала бакча болгон эмес, балдар бакча эмне экенин билбей эле чоңоюшкан. Билим берүү министрлигинин “Келечек үчүн билим берүү” долбооруна мурда админстративдик болгон имаратты сунуштадык. Ал тизмеге кирип, 6 бөлмө толугу менен оңдоодон өттү. Бир бөлмөгө заманбап санитардык-гигиеналык шарт түзүлдү. Бала бакча үчүн керектүү болгон эмерек, килем, өнүктүрүүчү куралдар, оюнчуктар берилди. Жергиликтүү бийлик да жардам көрсөттү. Ошентип, 2024-жылдын май айында айылыбыздын тарыхында алгачкы бала бакча ачылды”, – дейт бакчанын жетекчиси Гулзина Аматова.
 
Февраль ичинде эле Кара-Суу районунда кыска мөөнөттүү мындай бала бакчадан дагы сегизи ачылды. Ошентип, райондо мындай форматтагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин саны 29га жетти, жай ичи дагы алты бакча бөбөктөр үчүн эшигин ачат. Эң негизги сан, көңүл кубанткан жаңылык - Кара-Суудагы 2600 бала эрте өнүктүрүү программасына тартылды.
 
“Жайда алты мекеме ачылса, дагы 500дөн ашык бала бакчага бара баштайт. Билим берүү жана илим министрлигинин бала бакча менен камтуунун көрсөткүчүн жогорулатуу боюнча демилгелеп жаткан чаралары колго алаарлык. Мисалы, кыска мөөнөттүү бала бакчалар нөөмөт менен иштегендиктен бир мезгилде эки эсе көп баланы камтыганга мүмкүнчүлүк жаралды. Бир тайпа нөөмөт менен 25тен 50 баланы тартып жатат. Башкысы ар бир балабыз ар тараптан өнүгүүгө жана мектептеги ийгиликтерине негиз сала турган ушул куракта билим берүү программаларынын сыртта калбаса деген ой”, – дейт Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Раксана Ысакова. 
 
Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрү долбоорго алгачкы күндөн катышып, колдо бар ресуртарын аяган жок. Жоош айыл өкмөтүнүн орун басары Нурсултан Токторбаев бир кезде бош жаткан мектеп класстары, колонулбай калган имараттар азыр бала бакчага айланганын айтат. 
 
“Биз электр энергиясы, суу, жасалгалоо маселелине жардам бердик. Долбоор дагы уланса, биздеги 13 айылдын баарында тең ушул сыяктуу бала бакчаларды түзүп алсак деген ниетибиз бар”, – дейт Токторбаев.
 
2025-жылдын башына карата өлкө боюнча 495 кыска мөөнөттүү бала бакча иштеп жатат. Мында 28 миңден ашуун бала тарбияланууда. 
 
Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей ашык бала мектепке чейин билим алууга тартылат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз