Ак-Буура – байыркы Оштун символдорунун бири!
Оштун үч символу жөнүндө ар дайым сыймыктанып айтып келгенбиз, азыр да айтабыз, келечекте да айтып жүрүшүбүз керек деп эсептейм. Шаарыбыздын Сулайман-Тоосу, Ак-Буура суусу жана Мажүрүм талы жөнүндө тээ алмустактан бери не деген уламыш сөздөр жашап келатат! Бул үч символдун ар бири жөнүндө сөз кылсак түгөнбөйт, тилекке каршы, аларды биз ойлогондой аздектеп албай келаткандыгыбыз да ачуу чындык. Ак-Буура дарыясын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү боюнча долбоордун 2-этабы башталганы мен үчүн шаар тургуну катары жагымдуу кабар болду. Канча убакыттан бери ар кандай обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам кечеңдегендей болгон менен шаар бийлиги тарабынан бул ишти баштоо үчүн бир кыйла аракеттер болуп жаткандыгынан кабарым бар болчу.
Албетте, азыркы учурда шаарыбызда мындан башка биринчи кезекте чече турган көйгөйлөр толтура деп айткандар да көп. Айталы, таза суу, жол тыгындары, бала бакчалардын, мектептердин, ооруканалардын жетишсиздиги ж.б. Бирок кайсыл гана багыттагы маселени чечүү болбосун, эң оболу ошого багытталып бөлүнгөн жана бекитилген, же болбосо инвестиция катары тартылган каражаттарды максаттуу, рационалдуу жана натыйжалуу пайдалануу деген принцип башкы орунда туруш керек да.
Мен өткөн эки жылда Ош шаардык кеңештин депутаты катары бул долбоордун 1-этабын аткарууда бир катар мыйзамбузуулар болгондугун айтып, тийиштүү тараптарга расмий кайрылуу жасап, ал боюнча, Ош шаардык прокуратурасынан “Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясын реконструкциялоо долбоорунда орун алган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КЖБРге катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 2021-ж. 11-мартында Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын баардык тийиштүү иш-кагаздарга алуу жүргүзүлгөн”жана“Ак-Буура дарыясын реконструкциялоо долбоорунда орун алган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош боюнча” башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан 13.07.2021-ж. Кыргыз Республикасынын ЖКнин 320-бер. 3-бөл. каралган кылмыштын белгилери менен КЖБРге катталып, бүгүнкү күндө тергөө тарабынан экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзулүп жаткандыгы аныкталган”,ал эми Ош областынын прокуратурасынан “Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгин бекемдөө иштерине байланыштуу Кыргыз Республикасынын КЖКнин 320-бер. 3-бөл. менен козголгон кылмыш иш боюнча 25.07.2022-ж. соттук курулуш экспертизасы дайындалып, анын жыйынтыгы чыга электигине байланыштуу 27.07.2022-ж. Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош боюнча ББнын тергөө бөлүмү тарабынан 13.02.2021-ж. кылмыш иштин тергөөсү Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 246-бер. 1-бөл. 3-п. негизинде убактылуу токтотулган. Учурда кылмыш иш боюнча Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 247-бер. 1-бөл. ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш болгон адамды аныктоого багытталган тергөө аракеттери улантылууда”,-деген жоопторду алгам.
Бул деген көп суроолорго ынанымдуу жооп азырга чейин жок дегенди билдирет, ошондуктанаталган кылмыш ишкозголгон менен бирок эмне себептен убактылуу токтоп (жабылып эмес) тургандыгын, андан ары жыйынтыгы кандай болгондугу туурасында дагы тактап сураш керек деп ойлойм.
Ак-Буура дарыясынын (табийгыйбы, же чарбалыкпы) обьект катары статусу, анын Ош шаарынын балансында экендигин тастыктаган мыйзамдык нормалар, Ак-Буура дарыясын реконструкциялоо долбоорун даярдаган жумушчу топтун курамына кирген адистер, аны аткарууга макулдук берген мамлекеттик тийиштүү органдардын, мекеме-уюмдардын сунуштары жана корутундулары, долбоорду аткарууга жумшалуучу каражаттардын жалпы суммасы, анын ичинен шаардык бюждеттен канча каражат бөлүүгө Ош шаардык кеңешинин чечими жөнүндө маалыматтарды толук ала албай койдук да. Ошол себептенОш шаарындагы Ак-Буура дарыясын реконструкциялоо долбоорунун 1-этабы боюнча иштерди аткаруудагы мыйзам бузуулар боюнча коомчулукта качан ачык-айкын жооп алабыз деген суроо дагы эле бар деп айтсак болот.. Биринчиден, бул долбоорду аткарууга бекемделбеген бюджет менен баштап жибергенге, Ош шаарынын бюджетинен 120 млн сом мыйзамсыз бөлүнүп жумшалгандыгы, подрядчиктерге Ош шаардык бийлиги 132 млн сом карыз болуп, долбоор аягына чыкпай бул иштер ара жолдо калганына, эми болсо шаар бийлиги ишти логикалык соңуна чыгаруу үчүн 60 млн сом бөлүп бергенге мажбур болгонуна, аны менен катар Ак-Бууранын суу экосистемасына (фаунасына,флорасына, дарыя нугуна) келтирилген зыянды ким толтурат да, кимдер жооп берет? Экинчиден, эң кызыгы экология ж.б. тийиштүү кызматтар жана тараптар кайсыл мыйзамдарга таянып, кантип мындай максатсыз талкалоо иштерине уруксат, макулдук жана кортунду берди? Үчүнчүдөн, мындай ийгиликсиз иштер үчүн жоопкер адамдардын жазасыз калышынын артында кимдер турат жана кандай кызыкчылыктар бар?
Ал эми долбоордун 2-этабы кандай вариантта жүргүзүлөт, кантип ишке ашат деген суроолордун тегерегинде шаарыбыздагы окумуштуулар, эколог-адистер, жарандык активисттер менен мэриянын жолугушуусун уюштуруп ачык талкуу өткөрүүнүн демилгечиси болгом. Шаардын 1-вице-мэри Марс Исаев жана мэриянын тийиштүү кызматтары да катышкан ал жолугушууда бир топ сын-пикирлер, сунуштар айтылган, тараптар орток пикирге келишип, долбоорду мазмундуу өзгөртүү зарылдыгы белгиленген.Кийин мен Ак-Буураны бойлоп жумушчу топ менен бирге жүрдүм, жеринде бир катар маселелер боюнча тараптар ар түрдүү позицияларыбызды такташканбыз десем болот.
Ак-Буура – айтса бизге жашоо-өмүр,
Мааниси түшүнгөнгө – Ысык-Көлдүр!
Аралга жетпей жатат деп какшап не,
Мындагы тагдырына ооруйт көңүл... деп мен бир ырымда жазгандай, бул дарыябыз биздин жашообуз үчүн ар тараптуу зор мааниге ээ. Эң башкысы, анын тарыхый да, табийгый да келбетин сактап калуу көңүл чордонунда болушу кажет.
Андыктан, ордолуу Ош шаарыбызда кайсыл деңгээлдеги бийлик болбосун, алардын позициясы жана кандай гана долбоорлор ишке ашырылбасын, алардын максаты коом үчүн ачык-айкын, элге жакын жана реалдуу болушу шарт деп ойлойм. Өткөнгө салават деп айтылат эмеспи элибизде, бирок өткөндөн сабак алганды да эстен чыгарбоо зарыл экендигин унутпасак дегим келет.
Абдыжапар Аккулов,
ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институтунун директору, г.и.к., доцент.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.