Ош: Эң чоң көчөлөрдөгү 3 миң 833 дарак кыйылат
Ош шаарында 3-4 көчөдөгү 3833 дарак бак-дарактар кыйылат. Бул тууралуу бүгүн, 31-январь күнү Ош шаардык кеңешинин сессиясында вице-мэр Сонунбек Жунусбаев "Ош шаарынын айрым көчөлөрүндөгү бак-дарактарды кыюуга макулдук берүү жөнүндө " маселеге баяндама жасап жатып билдирди.
Анын айтымында, Жеңишбек Токторбаев менен Ленин, Масалиев, Курманжан датка көчөлөрүн кыдырып чыгып, эскилиги жеткен дарактарты кыюу чечимине келген.
"Бул дарактардын алды 70-80 жыл мурун эгилип, эскирип калган. Дарактар кыйыла турган 4 көчө бар. Алар: Курманжан датка, А. Масалиев, Ленин жана Асранкулов көчөлөрү. Атап айтып кетсем, Курманжан датка көчөсүндөгү 1870 дарак, Масалиев проспектисиндеги 453 дарак, Ленин көчөсүндөгү 1870 дарак, Асранкулов көчсүндөгү 38 дарак кыйылат. Ошондо жалпы 3833 дарак алынат. Алардын ордуна клен, акация, чынар терек сыяктуу Оштун климатына оңой ыңгайлашкан 4 миңден ашык дарак эгилет. Дарактарды кыюу менен жолдорду ке6ейтип, ирригациялык арыктарды куруп, лотокторду орнотобуз. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, ушул маселени колдоп бериңиздер",- деди ал.
Сонунбек Жунусбаев кошумчалагандай, келечекте электр чубалгылары алынып, жер астынан өткөрүү иштери жасалат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.