Ошто мыйзамсыз аңчылык куралдары алынып, айыппулдар салынды

NABU Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобунун кызматкерлери ЖРЭжТК министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын егери жана КР ӨКМдин Токой кызматынын Ош токой чарбасынын Акбуура токой бөлүм башчысы менен биргеликте атайын рейд уюштурулду.
Анын алкагында, Ош облусундагы Ноокат районунун бир канча аймагы текшерүүгө алынды. Натыйжада аталган райондун Байдам-Тал айылындагы аңчылык кылуучу аймагында турган автоунаадагы эки жаран текшерүүгө алынды. Алардын жанынан ок атуу аңчылык эки курал менен 1 даана коен атып алганы аныкталды. Териштирүү учурунда ок атуучу куралдардын колдонууга уруксат кагаздарын жана өздүгүн тактоочу документерин көрсөтө албагандыктан, аларга жеринен акт түзүлүп, куралдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Андан сырткары, ЖРЭжТК министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын инспектору менен биргеликте Кадам-Жай районунун Майдан айыл аймагына атайын ыкчам маалыматтын негизинде рейд жүргүзүлдү. Натыйжада аң уулоо эрежелерин бузган жана тийиштүү уруксат кагаздары жок жаран ок атуучу куралы менен жүргөнү аныкталды. Ага КР мыйзамдарына ылайык, 12 500 сом айыппул салынды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.