“Сары ажыдаардын казаты” китеби жарык көрдү


Калк ичиндеги кыргыз тилин кадырлаган, тилдин баа-баркын түшүнгөн кандаштарыма сүйүнчү айтып, жар салам! Анткени тил казынабызды байытып, ага дагы бир эмгек толуктап отурат. Котормочу, акын агам Турабай Жороев 5 жылдай мээнет кылып, Манноп Эгамбердиевдин калемине таандык 2 китептен турган “Сары ажыдаардын казаты” тарыхий романы өзбек тилинен кыргыз тилине эркин которуп, басмадан чыгарды.
 
Китептин сыясы кургай электе мага сүйүнчүлөп, Турабай акем өзү көтөрүп келиптир, улуу башын кичүү кылып. Ызатына кубанып, төбөм көккө жетти. Чү дегенде эле барактап, окуй баштадым. Демек, мынчалык даңаза кыла тургандай бул кандай китеп? Анын жөнү бар.
 
Романда чагылдырылган тарыхий окуялар – мындан дээрлик эки миң эки жүз жыл башта болгон. Тактап айтканда, б.з.ч. 140-жылдары Кытай империясынын тактысына Хань тукумунун алтынчы өкүмдары Лю Чэ келет. Тарыхка У-ди (жеңилбес император) ат менен кирген бул төбөл 53 жылдык өкүмдарлык доорунда тынымсыз согушууларды алып барып, кошуна жана узак-жакындагы өлкөлөрдү өз дөөлөтүнө кошуп алуу аракети менен алектенет. Анын эң башкы стратегиялык мүдөөсү – ошол доорлордо түзүлүп, калыптана баштаган Улуу Жибек жолун толук бойдон көзөмөлгө алуу болчу. У-ди б.з.ч. 138-жылда Улуу Жибек жолунда жайгашкан дөөлөр туурасында маалыматтарды топтоо үчүн өз тыңчысы Чжан Цянды алыскы Батыштагы Даван (азыркы Фергана өрөөнүнүн айымагындагы байыркы дөөлөт) дөөлөтүнө жөнөтөт. Ал бир гана таланттуу дипломат эле эмес, таанымал өлкө таануучу да болот. Анын бир топ мамлекеттер тууралуу жазган маалыматтары менен жол баяндары, эң башкысы – Даван дөөлөтү туурасындагы кабарлар бизге чейин жетип келген. Атактуу кытай тарыхчысы Сима Цянь “Ши Цзи” (“Тарыхий окуялардын китеби”) деген эмгегинде Чжан Цяндын күндөлүктөрүнө таянып, Даван мамлекети тууралуу көптөгөн маалыматтырды жазып калтырган.
 
У-ди (Лю Чэ) Даванды каратуу үчүн Ли-Гуан-Ли аттуу аскер башчысын б.з.ч. 104-жылы жөнөтөт. Бул жүрүш император бийлиги үчүн ийгиликсиз аяктайт. Ушундан кийин согушуу үчүн өзгөчө мыкты даярдык көрүү иштери башталат. Хань дөөлөтүнүн эң сыналган аскер башчылары жеңгилүүнүн себептеринен келип чыккан сабактардан улам кайрадан согушуунун жаңы эрежелерин иштеп чыгышат. Ал турсун Давандын баш калаасы борбор болуп турган Эршини суусуз калтырып, шаарды багындыруунун чаралары дагы түзүлөт. Ошентип б.з.ч. 102-жылы 60 миң кол менен кытай кошуну кайрадан кол башчы Ли-Гуан-Линин башчылыгында Даванга жортуулга аттанышат. Бабаларыбыздын журттун азаттыгы үчүн болгон тайманбас күрөшүнүн натыйжасында Хань аскерлери экинчи ирет куру кол менен кайтууга аргасыз болушат.
 
Мына ушундай эстен чыккыс окуялар “Сары ажыдаардын казаты” романында кадимки Кытай жана Даван дөөлөттөрүнүн тарыхий инсандары, өкүмдарлар, кызматкерлер жана карапайым калктын образдары, алардын ички толгонуулары, саясаты жана түркүн-түрдүү тагдырлары аркылуу эргүү менен ачып берилген. Жазуучу ошол доорлорго туура келген фольклор, оозеки материалдардан дагы өз орду менен ылайыктуу пайдаланган.
 
Баскынчылыкка багытталган согуштар эң башында Кытайдын карапайым калкынын мойнуна түшкөн оор жүк болот. Чындыгында тарыхий акыйкат согуш майданына мажбурланып алып келинген, бирок согушууга тиш-тырмагы менен каршы турган, карапайым кытайлыктардын абалы алардын тынчтык, бир туугандык туурасындагы көз караштары дагы өтө таасирдүү эпизоддордо даана көрсөтүлгөн...
 
...Тарыхий романдын башкы окуялары кыргыз жергесинде Ысык-Көлдө (эки миң жыл мурда бул көл Муздабас-Көл деп аталганы айтылат), азыркы Кетмен-Төбө өрөөнүндө, Саймалуу-Таш менен Базар-Коргондо, Көк-Артта, Ош менен Араванда, Өзбекстандын Даван аймагында (азыркы Фергана өрөөнү), Мархамат менен Миң-Дөбөдө, Массы менен Анжиян тарабында болуп өткөндүгү көз алдыңызга кудум бүгүнкү сүрөттөй болуп, көркөм, ишенимдүү тартылып, эстен кеткис элестерге айланып калат.
 
Ошол Хань өлкөсүнүн өкүмдары баш болгон ондогон каармандарынын катарында Камчыбек, Бүркүт, Кундузбек сыяктуу накта кыргыз ысымдуу каармандар да бар экени кызыгууну жаратат. Алар сырттан келген баскынчы душмандары артка кайтарып, өз эл жерин өзгөлөрдөн коргогон эрдик окуялары кыргыз окурмандарын кайдыгер калтырбайт.

Эми китептин автору тууралуу “алты ооз” сөз. Автор Манноп Эгамбердиев өзү экономика илимдеринин доктору, профессор болгон менен адабият жаатындагы сынактан өзүн мыкты алып өткөн экен. Анткени анын алгачкы кесиби филолог болгон тура. “Сары ажыдаардын казаты” китеби алгач жазылып бүткөндө, кол жазмасы Өзбекстандын Борбордук аткаруу Комитетиндеги үлкөн башчыларына окутулгандан кийин, алардын айрымдарынын бут тосууларынын айынан жарыкка чыкпай калат. Бирок автор китепти орус тилине өзү которуп, Москванын “Воениздат” басмаканасынан “Тень желтого дракона” деген аталышта 100 миң нуска менен 1984-жылы чыгарат. Бүткүл союзду дүңгүрөткөн бул китептин атагы таш жарып, коомдо катуу талкуу жүргөндөн кийин гана 1988-жылы 60 миң нуска менен Өзбекстанда өзбек тилинде жарык көрөт. Эми мынтип бул тарыхий роман автордун уулу, Өзбекстандын Илимдер академиясынын алдындагы Астрономия институтунун директору, академик Шухрат Эгембердиевдин сунушу менен белгилүү жазуучу, котормочу, акын Турабай Жороев кыргыз тилине которуп, кыргыз окурмандарына сунуштап жатат.
 
Роман “Улуу тоолор” басмаканасында чыгарылган. Анын жетекчиси Жумадин Кадыровдун баамында бул китеп – “Жакшы роман, кынтыксыз котормо” болгон. Ал чындап эле чебер которулган. Айтайын дегеним, биздин адабий тилибиздин түштүк диалектикасы унутта калган эмес. Муну өзгөчө баса белгилеп коюу абзел деп билем. Анткени ал биздин тил маданиятыбыздын дөөлөтү, байлыгы эмеспи. Ошондуктан “Сары ажыдаардын казаты” китебине ак жол каалап, окурмандардын сүймөнчүктү китебине айланышына тилектештигимди билдирем! Ал эми котормочу Турабай агама чыгармачылык эргүү, талыкпас эмгек каалап, элибиз үчүн мындай котормолордун дагы көбүн которуп, жарыкка чыгара бериңиз деген каалоо айтам!
 
Асанбек Каракозуев,
“Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз