Жазгүл Токтобаева: Ырларым менин сырларым
Мен, Токтобаева Жазгүл Назирбаевна, 1984-жылы 15-июнда Бишкек шаарында туулгамын. Балалыгым Баткен районуна караштуу Чоң-Талаа айылында өттү. Бирок барганым менен ошол күн, ошол бактылуу мүнөттөр азыр жок.
Айылымдын аты айтып тургандай эле чоң талаасы бар эле. Бир жагында өрүк бак бир жагында жайкалган жүзүм зарыбыз бар эле. Өрүк бышканда айылдын бардык тургундары талаага көчүп барып, өрүк кургатышчу. Жүзүм бышкан кезде, бири бирибизге ашарга барып, аарыга таланып, жүзүм терчүбүз. Өкмөттүн же жетишпей бараткан үй бүлөнүн жүзүмүн мектепти бир жумага жаап, атайын жүзүм тергени 9-класстан өйдө жөнөтүшчү. Эх, ошол кез. Кимдир бирөөнү аары чакса, аны шылдыңдап, жүзүмдү сыгып ширесин бири бирибизге чачып, арыкка барып суу чачышып ойноп, жыргачу элек.
2001-жылы ОшМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүнө тапшырып, студенттик күндөрдү баштан кечирдим. Студенттик күндөр аябай кызыктарга бай болот эмеспи. Ал жылдары биринчи жолу бир агайымдын китебине корректор болгом. Студенттик күнүмдө калган өкүнүчүм бир китеп боло турган ыр жазып жүргөн дептеримди жоготконум...
2006-жылы окууну бүтүп, "журналист" деген адистикке ээ болуп, ошол эле жылы турмушка чыктым. Алгач биз да Орусия келип иштеп калдык.
Учурда Москвадагы “Өрүкзар” коомунун активисти катары кызматташып келем. 2021-жылы "Аруу Дүйнө” адабий клубунун жетекчиси Айжан эже менен биргеликте чыгармачыл чөйрөнүн дайрасын чогуу кечип келебиз. Эки жолу ыр жазган дептерими жоготкондон кийин жазбай калгам. Ушул клубка келгенден бери эргүү кайра жанданып, калем сапты колго алып жаза баштадым.
Мына ошондон берки жетишкендиктерим "Ыйык тил", "Алыкул Осмонов", "Сөз чебери" төш белгилердин жана көптөгөн Ардак грамоталардын, ыраазычылык каттардын ээси болдум. "Жүрөк үнү" аттуу китептитин автору болдум. "Алтын апама" аттуу ырыма обон жазылды. Үй-бүлөлүүмүн, бир уул, эки кыздын сүйүктүү энесимин.
Атам менин
Атам менин, бул дүйнөдө таянганым,
Акыл айтып, туура жолго баштаганым.
Барып калсам сагынып, алыстардан,
Байкап калам көрсөтпөй жашыганын.
Коргоочум да, колдоочум да өзүңүз,
Сиз бар үчүн бул жашоодо аалам кең.
Ак жедирип, тарбиялап өстүрдүң,
Атакебай, ак батаңыз алсам дейм.
Азыр деле сиз үчүн мен жапжашмын,
Атам менин ишенгеним сырдашым.
Оорубаңыз, бар болуңуз, аска тоом,
Ачуу сөзгө, жаман көзгө кыйбасым.
Атам менин таянаарым кубатым,
Мен дегенде түн уйкудан тураарым.
Камкордугу, айкөлдүгү өзгөчөм,
Бүгүн сизге таазим кылаар убагым.
Жакшы сөз аздык кылат
Жүрөгүмдүн ээси өзүң кымбатым,
Бооркерим, башка жанга кыйбасым.
Өзүңдү эмес, мени ойлоп кайгырып,
Берешеним, жардам колун сунаарым.
Көк тиреген аска тоомсуң алтыным,
Белегисиң жараткандын асылым.
Жакшы сөзүм аздык кылаар өзүңө,
Жашоого үмүт берген жарыгымсың.
Узун жолду кыскарткан жолоочумсуң,
Жаратыма дабаа болоор догдурумсуң.
Капалыгым кубанычка айланткан,
Жеке менин, бир өзүмдүн куудулумсуң.
Жашоомдогу багымсың белегимсиң,
Көзүмдүн нуру сенсиң, карегимсиң.
Бактым үчүн, жаным үчүн тажабай,
Жакшы сөздөн белекке берерим чын.
Ооруга даба жылуу сөз
Билсек дагы кыскалыгын өмүрдүн,
Жакшы айтпай, оорутабыз көңүлүн.
Тирүүсүндө баркын билбей адамдын,
Жакшылыгын айтканда не көзү өткөндүн?
Көзү барда жакшыларды сыйлайлы,
Көзү өткөн соң унутулат турбайбы.
Алын сурап, көңүлдөрүн оорутпай,
Улуулардын айткандарын тыңдайлы.
Бааланбай калды адамдын жөнөкөйү,
Айтылып акылы эмес, чөнтөктөрү.
Дары эмес, жардам берээр оорулууга,
Адамдардын жүрөктөгү жылуу сөзү.
Бүгүн айтып, жакшы сөздү аябайлы,
Тирүүлүктүн ар бир күнү сыйлашалы.
Катуу айтып, кечиргенге жетишпей,
Өмүр бою күнөөлүүдөй саргайбайлы.
Жанын берген баатырлар
Кичи мекен Баткенимден кагылайын,
Жараткандан жалынып суранайын.
Өзүң колдо, тебелетпе жерибизди,
Элибизге көз артканды кубалагын.
Таш көтөрдү куралы жок бир октук,
Чолпонбайдай уулдарды жоготтук.
Эли үчүн жанын курман кылды деп,
Сыздап турган ата-энени соороттук.
Сооронушуп көз жаштарын сүрткөн менен,
Көкүрөктө арман калды жүрөктү эзген.
Жерин коргоп, жанын курман кылгандарга,
Наам берсе аздык кылат “Баатыр” деген.
Баткен эли – чек араны жердеген,
Барга-жокко чыдап келген эл белем.
Баатырларча курман болгон жигиттер,
Элесиңди эсте тутат кең мекен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.