Австриялык ырчы "Евровидение-2025" сынагынын жеңүүчүсү болду
Австриялык аткаруучу JJ «Евровидение-2025» сынагында «Wasted Love» аттуу ыры менен жеңүүчү болду. Ал 436 упай топтогон. Экинчи орунду Израилден келген Юваль Рафаэль (357 упай), үчүнчүнү Эстониялык Томми Кэш (356 упай) ээледи, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.
JJ калыстар тобунун добушу боюнча да жеңишке жетти — калыстар ага 258 упай беришкен. Ал эми көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү аркылуу дагы 176 упай алган.
«Евровидение-2025» сынагынын алдыңкы ондугуна төмөнкү өлкөлөр кирди:
1. Австрия — 436 упай
2. Израиль — 357
3. Эстония — 356
4. Швеция — 321
5. Италия — 256
6. Грекия — 231
7. Франция — 230
8. Албания — 218
9. Украина — 218
10. Швейцария — 214
Эң аз упай алган өлкөлөр: Сан-Марино (27), Исландия (33), Испания (37). Жалпысынан сынакка 37 өлкө катышып, финалда 26 аткаруучу чыгып ырдашты.
«Евровидение-2025» сынагы 13-17-май күндөрү Швейцариянын Базель шаарында өттү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.