Ак-Турпак күрүчү – Кыргызстандын бренди

 

Кыргызстандын Өзгөн районундагы Өзгөн күрүчү менен Баткен облусунда эгилген Ак-Турпак күрүчү Азияда, өлкөнүн брендине айланганы чындык. Анткени КМШ өлкөлөрү менен Орусияга “Ак-Турпак күрүчү” деген бренд менен маалым боло баштады. Баткен облусундагы Ак-Турпак, Чоң-Кара, Зарташ жана Апкан айылдарында, ошондой эле Кадамжай районундагы Жаңы-Жер, Миң-Чынар, Чогорок сыяктуу бардык айылынын эли жылда эгишет.  Аталган айыл калкынын негизги чарбачылыктарынын бири болуп саналат. Жакында оруп-жыйноо иштери башталып, күрүчтөр сатыкка чыгат. Андыктан “Ак-Турпак” күрүчү тууралуу кенен маалымат алыңыз.

Ак-Турпак күрүчү бир нече түрлөргө бөлүнөт:

“Девзире (жайдары) күрүч”. Анын түрүн жергиликтүү калк жакшы баалашат. Анткени, Кыргызстандын Түштүк аймагында палоо же аш негизги тамак болуп эсептелгендиктен, күрүчтүн даамы оозуңуздан кетпейт. Жергиликтүү тургундар “Девзире күрүчүнөн” – аш кылганда сууну аябай көтөрөт дешет. Анысы – сууну көбүрөөк куюш керек, анткени күрүч сууну өзүнө көп сиңирет дегенди түшүндүрөт. Натыйжада жакшы көбөт. Жашоочулардын бардык той-мааракелери ушул күрүчтүн ашысыз өтпөйт. Базарда дагы баасы кымбат жана ага болгон талап да жогору.

“Анжиан күрүчү”. Күрүчтүн бул түрүн акыркы жылдары эл көп эгип калышкан. Анын уругун Өзбекстандын Анжиан областынан алып келишет. Бул – кошуна мамлекеттин элининин эң сүйүктүү, таанымал күрүчү болуп эсептелет. Анын ашы да жакшы болот. Бирок ширелүү болуп, жумшак бышат. Дыйкандар көбүнчө аны атайын сатуу үчүн эгишет. Баасы “девзире” (жайдары) күрүчтөн арзаныраак болот.

“Лазер” – бул күрүчтүн формасы кытай күрүчүнө окшоп узун болгону менен ага караганда жоонураак келет. Аны бир көргөндө салабаттуу көрүнөт. Ал эми ашы мыкты демделип, бирок “девзиредей” көбөйбөйт. Базардагы наркы “девзиреден” кийинки экинчи орунда турат. Аны актаганда (сабагынан ажыратып алганда) көп сынбайт. Талаада өсүп турганда, башка күрүчтөргөн караганда сабагы узун болот.

“Узурос” – Мунун формасы башкаларга караганда кичинерээк. Ал да Ак-Турпактын талааларына эгилет. Ысыкка чыдамдуу. Талаада аба ырайы 45-50 градустан  жогору болот. Девзиреге караганда буга анча шире түшпөйт. Бул күрүч мастава, шөөла кылса эзилип, жумшак болуп, жакшы тамак болот.

“Алаңга” – Бул дагы базарбап күрүч. Соодада баасы лазер күрүчүнөн кийинки орунда турат. Ашы да жакшы бышат. Бирок, бул тамак кылганда көбөйбөйт. Азыркы учурда дагы күрүчтүн жаңы түрлөрү чыгып, аны да эл эге баштады. Бирок азыр анчалык көп эгилбейт.

Өстүрүлүшү

Күрүч эгилгенден баштап, оруу убагына чейин суунун ичинде бышат. Качан гана орула турган мезгил келгенде, суусун кургатышып, анан кийин орушат. Күрүчтүн түрлөрүнө карап алардын бышыш убагы жана аны кароосу дагы ар кандай. «Девзире» күрүчүн Кадамжай районунан Ак-Турпак, Өтүкчү, Кызыл-Коргон, Чогорок айылдарында көбүрөөк эгишет. Ал эми Миң-Чынар, Жаңы-Жер, Тарговой, Кайтпас, Ак-Калпак, Жаш-Тилек айылдарынын абасы жылуу болгондуктан, «девзирени» күн күйгүзүп кетет. Шире датүшүп, түшүм аз болуп калат.Бул жерлерге Узурос, Андижан күрүчтөрү ыңгайланышкан. Жалпысынан алганда Бүргөндү аймагында жер көп, анын көпчүлүк бөлүгүн шалы-күрүч аянтчалары ээлейт.

Андижан күрүчү кеч бышат.Андыктан, аны бир ай мүрун эле апрель айынын ортолорундаэгип коюшат. Калган күрүчтөр май айынан баштап эгилет. Августайларында алгачкылары бышат. Бышуу мезгили негизинен сентябрь-октябрь айлары. Адамдар шашып, эрте эгип алышат.Себеби эрте бышса эртераак сатат жана конкуренция аз болот. Андан сырткары, күндүн ысыктыгына дагы караш керек.

Сууда жетиштирүүчү шалынын (күрүчтүн) бышышына жакын суусу 13 см.ге жакын болуш керек. Бир түп өсүмдүктүн денесинен 100дөн 300гө чейин дан бышып жетилет. Күрүч ак, сары, кызыл, боз жадагалса кара түстөрдө да болот. Бир мезгиле эки жолу отоо чөптөн арылтышат. Биринчи отоосу “кылал” (өнүп чыгуучу күрүчтүн өсүшүнө зыян келтирүүчү чөп) отоо деп аталат. Экинчиси, күрмөк отоо. Ал – бышканга чейин боюн өстүрүү үчүн “карбамид” (мачавина), жерди жумшартуу үчүн нитирамафос (азот) себилет. Ал эми бышуусун тездетүү үчүн слитира себишет.

Кургатылышы жана түшүмдүүлүгү, акталышы

Шалы (күрүч) кырманда кургатылат. Күн ысык болгондуктан, күрүч эрте бышат. Ага байланыштуу биринчи күнү кечинде саат бештерде жайып (таладан алып чыккандан кийин), түнү менен аяз жедирип, эртеси саат онго жакын топтоп, үстүн ороп коюшат. Себеби күн данды чоолап коет (ысык өтүп кетет). Бул жараян эки күн жасалат. Андан кийин 3-күнү эртеден кечке чейин бир күн же эки күн (калыңдыгына карап) асфальтта жайылып кургатылат. Аны асфальтта тынбай аралаштырып туруу зарыл. Болбосо жайылган күрүчтүн үстү жагын күн уруп кетет.

Кырманда кургатылып, үйгө алып кирилгенден кийин, же кырмандан ары эле керектүүсүн актап, күрүч кылып сатуу үчүн шалыны актай турган жер – акжубазга алып барышат. Ал жерде биринчи апарат сыкмага салат,ал шалыны тышкы кабыгынан ажыратат. Андан алынат дагы бир жолу, экинчи ирет келиге салынат. Келиде күрүч уну чыкканча күүшөлөт. Үчүнчү жараян: элекке салып элейт. Бул жараянда аш кыла турган күрүч (ирик күрүч), шөөлакылына турган күрүч (сынган күрүч), матава кылына турган күрүч (оошак), ошондой эле мал жана канаттуулар жей турган кебек, башкача айтканда, өтө майда ундуу күрүч(жем) болуп бир канча түрлөргө ажырайт.

Күрүчтүн (шалынын-дандын-уруктун) ар бир кабынан эленип бүткөндөн кийин, сатыла турган же жей турган күрүч 20кг.дан түшөт. Мисалы: 20 каптан, 400 кг күрүч алынат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз