iPhone компаниясы Telegram колдонуучуларын тиркемени жаңылоого чакырышты
Telegram мессенжеринин iOS платформасындагы жаңы жаңыртуусу жарык көрдү. Анда iPhone'дордун ысып кетүүсүнө алып келген ката оңдолгон. Бул тууралуу Rozetked порталы маалымдайт.
Telegram'дын iOS үчүн 11.7.2 версиясында бир катар каталар, анын ичинде түзмөктөрдүн ысып кетүү маселеси чечилген. Жаңыртылган версия азыр App Store'до жеткиликтүү болуп калды.
2024-жылдын декабрында Telegram'дын iOS версиясында ысып кетүү көйгөйлөрү байкалган жана алар 11.5.3 жаңыртуусунда оңдолгон. Бирок, февраль айындагы жаңыртуудан кийин маселе кайрадан пайда болуп, 11.7.2 версиясында кайрадан чечилди.
Ал эми Android версиясында мындай көйгөйлөр байкалган эмес
Смартфондун ысып кетүү себеби белгисиз бойдон калууда. Бирок, iPhone колдонуучулары Telegramдын тиркемесин колдонууда гаджет процессору катуу ысып кетерин буга чейин эле айтып келишкен. Бирок мессенжерди жапканда жана башка программаларды колдонууда ысыбай калат. Кээ бир учурларда, мисалы, мессенжерде жөнөкөй баарлашуу да смартфондордун эң "оор" оюндарга караганда көбүрөөк ысып кетишине алып келген.
Мурда жаңы iPhone моделдери колдонуучуларды нааразы кылышы мүмкүн экени тууралуу маалыматтар чыккан болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.