Димаш, Ay-Yola Ысык-Көлдө: "Мейкин Азия" фестивалы 20-22-июль күндөрү өтөт
Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо 20-22-июль күндөрү IV Эл аралык «Мейкин Азия» эстрадалык музыка фестивалы өтөт.
Маданият министрлиги маалымдагандай, фестивалга 25тен ашуун мамлекеттин таланттуу жаш эстрада ырчылары катышат.
Ар бир конкурс күнү Кыргызстан жана чет өлкөлөрдүн жылдыздарынын катышуусунда концерттер менен коштолот.
Концерттин катышуучулары – ата мекендик эстраданын жылдыздары: Мирбек Атабеков, Jax 02.14, Freeman 996, Бакр, Абир Касенов, Баястан, Тамга, Жийдеш Идирисова, Нурила, Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Минжашар Мурзаев, Бегимай Турусбекова, Руслан Асанкан жана ERA.
Фестивальдын ардактуу коноктору катары I «Мейкин Азия» фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле популярдуу Ay-Yola тобу жана Sevak чакырылат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.