Аравандын Төө-Моюндагы тазалыкты туу туткан тармак: Авиз айылынын жаш кадры

Кыргызстандын аймактарында жаштардын коомдук ишмердүүлүккө активдүү аралашып, жергиликтүү маселелерди чечүүгө бел байлап киришкени кубантарлык көрүнүш. Ушундай демилгелүү жаштардын бири Рахманкул уулу Амантай. Ал Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн алдында жаңыдан негизделген “Төө-Моюн тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп иштеп келет. Жаштыгына карабай, чоң жоопкерчиликти моюнуна алган жетекчи айылды таза жана тартиптүү кармоого бардык аракетин жумшап жаткан кези.
 
Ата-Мекенден башталган жоопкерчилик
 
Амантай мырзанын жашоосу Авиз айылынан башталган. 1996-жылы жарык дүйнөгө келген каарманыбыз, бала чагынан эле тартипти, эмгекти туу туткан инсан болгонун жергиликүүлөр белгилешет. Ал айылдагы Мамадияр Кадыров орто мектебин аяктаган соң, Кызыл-Кыя шаарындагы Т.Кулатов атындагы тоо-техникалык колледжден билим алып, кен байлыктарды казып чыгаруу боюнча адистикке ээ болгон.
 
Бирок, Амантай мырза кесиптик билим менен чектелбей, жигиттик милдетин да так аткарган. Алай районундагы 92834 аскер бөлүгүндө тоо-аткычтар батальонунда кызмат өтөп, мекенге болгон сүйүүсүн иш менен далилдеген.
 
Жаңы ишкана - чоң милдет
 
2025-жылдын башында Төө-Моюн айыл өкмөтү “Төө-Моюн тазалык” деп аталган жаңы муниципалдык ишкананы түптөп, анын жетекчилигине ишеним артылып Амантай мырза дайындалган. «Тазалык болбосо, кандай жашоо болсун» деген түшүнүк менен ишке киришкен жетекчи, кыска убакыт ичинде эл ишеничин актаганга жетишти.
 
Бүгүнкү күндө ишканада беш жумушчу орун түзүлгөн. Айылдын таштандыларын өз убагында ташып чыгуу  негизги милдет. Бирок, бул кызмат оңой иш эмес. Жергиликтүү бийлик берген оор техника эскилиги жетип, көп учурда оңдоп-түзөө түйшүгүн жаратып келет. Ошого карабай, Амантай жеке менчик эки техникаларын «ГАЗ-53» жүк ташуучу унаасын жана чиркегичи бар тракторун эл кызматына пайдаланууда.
 
 «Эр болсоң, элиңди ойлойсуң. Техникабыз эски болгону менен, таштандыларды убагында алып чыгууга болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Бул менин жетекчи катары моралдык жана жарандык милдетим», - дейт Амантай.
 
Ар бир түтүн ишеним
 
Тазалык кызматтары үчүн айыл тургундары айына 100 сомдон акы төлөшөт. Бул сумма чоң көрүнбөсө да, ар бир сом ишкананын ишин улантууга өбөлгө болот. Учурда ишкана «там-туң баскан баладай» жаңы гана кадам таштап жатканы менен, алдыдагы максаттар чоң.
 
Амантай мырза заманбап техникалар менен камсыз болуп, жумушчу орундарды көбөйтүүнү көздөөдө. Бул үчүн ал мамлекеттик программаларга, гранттык долбоорлорго катышуу жолдорун изилдеп жатканын белгиледи.
 
«Алдыда техникалык базабызды чыңдап, калкка кызматты дагы сапаттуу көрсөтүүгө жетишели деген тилегибиз бар. Жетекчи катары күн сайын изденүүдөмүн. Буюрса, айылыбыздын тазалыгын үлгүлүү деңгээлге чыгарабыз», -дейт жаш жетекчи.
 
Экология үчүн жаңы ыкма колдонулууда
 
Аймакта таштандыны жок кылуунун жаңы ыкмасы ишке ашырылууда. Бул ишти жаш жетекчи жетектеген топ демилгелеп, таштандыны зыянсыздандыруу аркылуу экологияны коргоону максат кылышууда. Алар таштанды таштоочу полигонду 5 метр тереңдикте казып, таштандыларды ошол жерге таштап, өрттөп, андан соң топурак менен жаап салышууда.
 
“Бизде атайын техника жок болгондуктан, экскаваторлорду ижарага алып иштеп жатабыз. Албетте, бул көп каражатты талап кылууда. Бирок чыгымга карабай, иштерди ирети менен аткарып келебиз. Анткени негизги максатыбыз -айлана-чөйрөнү таза сактоо,” -дейт жаш жетекчи.
 
Бул ыкма азырынча бир гана аймакта колдонулуп жатканы менен, эгер натыйжалуу болсо, башка аймактарда да жайылтылат деп күтүлүүдө. Жергиликтүү тургундар бул демилгени колдоп, экологияны сактоого өз салымдарын кошууда.
 
Коом үчүн күйгөн кадр
 
Амантай мырзанын жигердүү аракети айыл эли тарабынан жогору бааланып, жергиликтүү кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган. Бул сыйлык -анын ишине берилген баа гана эмес, келечекте дагы чоң иштерди жасай турганына болгон ишенимдин белгиси.
 
Кыргызстанда мындай демилгелүү жаштар көп болсо, айылдардын өнүгүүсү, тазалыгы жана тартиби дагы көзгө көрүнөөрлүк өзгөрөт десек жаңылышпайбыз. Төө-Моюн айылындагы тазалык ишканасы азырынча чакан гана башталыш. Бирок, аны жетектеген Амантай сыяктуу ишенимдүү адамдардын аракети менен бул иш чоң ийгиликтерге жетет деген ишенич бар.
 
Тазалык -жашоо маданиятынын көрсөткүчү. Ал эми бул маданиятты калыптандыруу  жигердүү, кайраттуу адамдардын колунда. Рахманкул уулу Амантай сыяктуу жаштар коомду өзгөртүүгө жөндөмдүү экенин бүгүнкү ишмердүүлүгү менен далилдеп жатат. Биз ага мындан аркы аракеттерине ийгилик каалап, айыл тазалыгы үчүн кылган эмгегине терең ыраазычылык билдиребиз.
 
Н.ӨМҮРЗАКОВА.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз