«Арван-Сити» кичи шаарчага айланат

Араван районунун Достук айылынын Ош-Араван жолунун түштүк тарабында, 9 кабаттан турган 10 көп кабаттуу батирлүү «Арван-Сити» турак-жай комплекси курулуп жатат. Бул долбоор заманбап жашоо шарттарын түзүүгө багытталган жана аймакты өнүктүрүү үчүн калктын турк-жай  муктаждыгын чечүү үчүн курулуп жаткан ири долбор болуп саналат. Биз аталган компанияга кайрылып, долбоордун жүрүшү жана келечектеги пландар тууралуу маалымат алдык. Жаңы комплекс аймактын инфраструктурасын жакшыртууга жана калкка сапаттуу турак жай сунуш кылууга багыттталганы туурасында жазмакчыбыз.

Курулуш иштеринин жалпы аянты 5 гектарды түзөт. Анын ичинде балдар үчүн билим берүү жана тарбия берүү мекемелери да каралган. 2,2 гектар аянтка 300 орундуу мектеп жана 150 орундуу бала бакча курулат. Бул жаңы комплекс жашоочулар үчүн билим берүү жана социалдык инфраструктураны камтыган орто-жаңы шаарча болушу мүмкүн.
 
Курулушту тендерден утуп алган «Ансар-Трейд» ЖЧКсы алып барууда. Компания көп жылдык тажрыйбасы менен курулуш тармагында таанымал болуп, анын иши сапаттуу жана өз убагында бүтүшү менен айырмаланат. Курулуштун сапатын көзөмөлдөө жана убакытында аяктоо  долбоордун негизги максаттарынын бири.
 
Мындан тышкары, комплекс үчүн экологиялык жактан таза шарттар түзүлүүдө. 1,8 гектар аянтка суу тазалоочу курулма курулат. Ал тургай, комплекстин ичинде балдар үчүн оюн аянтчалары жана спорт аянтчалары да каралган. Бул долбоордун негизги артыкчылыктарынын бири  жашоочулардын күнүмдүк турмушуна ыңгайлуу шарттар түзүлүп, жашоо сапатын жогорулатуу.
 
Курулуш иштери азыркы учурда өз жемишин берүүдө. А блокто монолит иштеринин бардыгы бүткөрүлүп, кыш дубалдарын орнотуу иштери 7-кабатка чейин жетти. Б-блоктун монолит иштеринин 2-кабаты бүтүп, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу ыкчам жүрүүдъ. Ал эми С-блоктун долбоору учурда мамлекеттик экспертизада каралууда.
 
А блоктун бүтүшү боюнча жогорку даражадагы пландоолор түзүлгөн жана 2025-жылдын 4-кварталында аны тапшыруу белгиленген. Ал эми калган блоктордун курулушу дагы акырындан аяктап, кичи шаарчада жашоо үчүн бардык шарттар даярдалат.
 
Курулуш иштерине катышкан бардык инвесторлор Кыргыз Республикасынын жарандары болуп, долбоорго ички инвестиция тартылып жатат. Бул өлкөдөгү экономикалык өнүгүүгө салым кошуп, жергиликтүү элдин жашоо шарттарын жакшыртууга багытталганына жергиликтүүлөр ыраазы.
 
«Арван-Сити» турак-жай комплекси аймактын социалдык жана инфраструктуралык абалын жакшыртууга багытталган жаңы жана чоң долбоор болуп эсептелет. Келечекте бул жердин жашоочулары үчүн керектүү бардык шарттар түзүлүп, Араван районунда болгон кичи шаарча пайда болот.
 
Н. ӨМҮРЗАКОВА.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз