Ушул жылдын 25-ноябрда, Бишкек шаарында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада дээрлик эки кылым башта жашап өткөн төкмө жана жазгыч акын Молдо Кайып Козубай уулунун “Казал-мурас” деп аталган китебинин бет ачары өттү. Ага Кыргызстандагы белгилүү акын-жазуучулар, тарыхчы, филолог жана адабиятчы окумуштуулар, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, изилдөөчүлөр, журналисттер, Молдо Кайыптын урпактары жана башкалар катышты.
“Казал-мурас” кыргыз адабиятын байытты
Алгач Молдо Кайыптын ырларын жыйнаган Кыргыз Эл акыны Маркабай Ааматов жалпы маалымат берип, китептеги чыгармалар Кол жазмалар фондунан, акындын урпактарынан, эл оозунан, аны менен айтышкан башка акындар жөнүндө китептерден жана изилдөөлөрдөн алынганын билдирди. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков “молдо” лакабын алып жүргөн акындардын дагы бири изилденип, “кыргыз адабиятында жаңы барак ачылганын” айтты.
Ал эми түрколог Кадыралы Коңкобаев акындын чыгармаларындагы бөтөнчө тарбиялык жана агартуучулук ролуна басым жасаса, мурдатан “молдо-акындар” феноменин иликтеп жүргөн филолог Садык Алахан Молдо Кайып Чыгыш акындарына мүнөздүү темаларга көп кайрылганын айтып, анын чыгармаларынын философиясын талдап берди.
Жазуучу Кален Сыдыкова эл ичинде жеке изилдөө жүргүзүп жүргөн маалда Молдо Кайыптын ысымы менен таанышканын маалымдап, акындын чыгармаларын адабиятка киргизүү маселелерине кайрылды.
Тарыхчылар Өскөн Осмонов менен Байболот Абытов, Молдо Кайып Алымбек Датка жана Курманжан Датка менен замандаш болгонун белгилеп, ал инсанды тарыхый жактан изилдөө иштери толук жүрө электигин кеп кылышты. Алар акындын чыгармаларын ыктымал сакталып калган жайларды тизмектеп, аларды да жарыкка чыгаруу милдети турганын айтышты. Дагы бир тарыхчы Турсунай Өмүрзакова Камчыбек дарга асылган маалда Молдо Кайып айткан кошокту Курманжан Датка жөнүндө китептен мисал келтирди.
“Казал-мурас” китеби ноябрь айында басылып чыкты. Анда XIX кылымдын экинчи жарымында жана XX кылымдын башында Ош облусунун Кара-Кулжа чөлкөмүндө жашап өткөн төкмө жана жазгыч акын Молдо Кайып Козубай уулунун санат-насыят ырлары, казалдары, дастандары, поэмалары жана башка акындар менен айтыштары чогултулду.
Молдо Кайып Козубай уулу ким болгон?
Молдо Кайып Козубай уулу Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы азыркы Кашка-Жол айыл аймагына караштуу Тоготой кыштагында 1847-жылы (айрым маалыматтарда 1848-жылы) төрөлүп, чөлкөмдүн ушул эле Тоготой жана Алтын-Күрөк айылдарында жашап өткөн. Ал бала чагынан Кашкар шаарында билим алып, кийин илимин Бухара жана Кокон шаарларында уланткан. Эс тарткан соң өзү да медреседе жана үйүндө балдарды окутуп, журтту агартууга салым кошкон.
Ал өз заманында илим-билимдүү инсан катары, төкмө жана жазгыч акын катары белгилүү болгон. Молдо Кайып Кокон хандыгынын тушунда Алымбек Датка, Курманжан Датка башында турган мааракелерде жана башка иш-чараларда айтыштарга катышып турган. Акын Ош, Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу, Баткен, Аксы, Бухара, Анжиян, Кокон, Кашкар жана башка аймактарга чейин таанылган. Акындын чыгармалары арап арибинде тери менен кагазга жазып калтырылган жана эл оозунда сакталып калган. Жазгыч акын 1911-жылы 64 жашында кайтыш болгон.
Кошумча иретинде
Кыргыз элинде салттуу төкмө акындык менен чогуу “молдо” лакабын алып жүргөн жазгыч акындар феномени бар. Алар төкмөлүктөн сырткары диний жактан да сабаттуу болуп, өз чыгармаларын арап арибинде жазып калтырышкан. Алардын ичинде Молдо Нияз (Нияз Эрназар уулу), Нурмолдо (Нурмолдо Наркул уулу), Молдо Кылыч (Кылыч Шамыркан уулу), Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахман уулу), Алдаш Молдо (Алдаяр Жээнике уулу), Молдо Багыш (Багыш Сарыбай уулу), Молдо Кайып (Кайып Козубай уулу) жана башкалар да өз атына кошумча "молдо" деген лакап алышкан.
Эрнис Нурматов.