1-сентябрдан баштап «Яндекс.Такси», «Намба такси», Jorgo Taxi, Glovo сыяктуу агрегаторлор айдоочулар жана курьерлер үчүн салык жана камсыздандыруу салымдарын төлөшөт

2025-жылдын 1-сентябрынан тарта «Яндекс.Такси», «Намба такси», Jorgo Taxi жана Glovo сыяктуу агрегаторлор өз платформаларын колдонгон жарандардын киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кармап турууга милдеттүү болушат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) Оперативдик көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору Айнура Султаналиева радиодо билдирген, деп жазат "Тазабек" басылмасы.

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 12-февралында мыйзамга кол койгондон кийин күчүнө кирген Салык кодексиндеги өзгөртүүлөр айдоочулар менен курьерлердин кирешесинин ачыктыгын жогорулатууга багытталган.
 
А. Султаналиеванын айтымында, агрегатор – бул ар кандай кызмат көрсөтүүчүлөрдүн сунуштарын бириктирип, аларды колдонуучуларга сунуш кылган санариптик платформа.
 
Жаңы салык эрежелери
 
Агрегаторлор эми айдоочулардын кирешесинен белгилүү бир пайызды кармап, аны бюджетке которуп турушат.
 
Тартип жөнөкөйлөштүрүлгөн: айдоочулар жеке ишкер катары катталууга же салык органдарына барууга милдеттүү эмес.
 
Агрегатор менен келишим түзүү жетиштүү, калган милдеттерди – салыктарды кармап, бюджетке которууну – агрегатор өзүнө алат.
 
Салык ставкалары
 
2025–2028-жылдар аралыгында – 1%.
 
2028–2029-жылдары – 2%.
 
2030-жылдан тарта – 5%.
 
МСКнын баамында, бул чара буга чейин каттоодон өтпөй келген салык төлөөчүлөрдүн олуттуу санын ачыкка чыгарууга мүмкүндүк берет.
 
«Физикалык жактан бизде баарын көзөмөлдөөгө убакыт жетпейт, ошондуктан бул жоопкерчиликти агрегаторлорго жүктөп жатабыз.
 
Бул норма таксисттердин салыктын мыйзамдарын эл аралык стандарттарга шайкеш алып келет. Мындай практика көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Евробиримдиктин өлкөлөрүндө, Казакстандан тартып Сингапурга чейин колдонулат.
 
Эгерде сумма камсыздандыруу төгүмдөрү катары кармалса, анда кийинчерээк салык төлөөчү пенсия алат», – деп түшүндүрдү А. Султаналиева.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз