Садыр Жапаров "Түндүк" ААКты түзүп, бир катары санариптик борборлорду жойду
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик башкаруу тармагындагы санариптик трансформацияны мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди.
Документке ылайык, 100 пайыз мамлекетке таандык «Түндүк» ачык акционердик коому түзүлөт. Ага бир катар мекемелердин функциялары өтөт. Алардын катарына Санариптик билим берүү борбору, Социалдык коргоону санариптештирүү борбору, Электрондук саламаттык сактоо борбору (медициналык статистика жана саламаттык сактоо системасына ИТ киргизүү функцияларынан тышкары), ошондой эле «Адилет сот» мекемеси кирет. Бул уюмдар жоюлуп, алардын кызматкерлери жана материалдык-техникалык базасы «Түндүккө» өткөрүлөт.
Саламаттык сактоо министрлиги медициналык статистика жана өз тармагындагы маалыматтык системалар боюнча функцияларын сактап калат.
Белгиленгендей, «Түндүк» жана Президенттин иштерин башкаруу алдындагы «Кызмат» мекемеси мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, жаңыртуу жана колдоо боюнча кызмат көрсөтүүчү жалгыз уюмдар болуп саналат. Бирок бул тизмеге Финансы министрлиги, УКМК, Айыл чарба жана суу чарба министрлиги, салык жана бажы кызматтары, Куралдуу күчтөр, укук коргоо органдары, прокуратура, Бирдиктүү кылмыштар реестринин негизинде иш алып барган органдар жана Бишкек мэриясы кирбейт.
«Түндүктүн» акционери функциялары Министрлер Кабинетинен Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигине өткөрүлөт. Биометрикалык маалыматтар жаатындагы саясатты жүргүзүү жана алардын иштетилишине көзөмөл жүргүзүү милдети Жеке маалыматтарды коргоо агенттигине жүктөлдү. Ал эми «Кызмат» мекемеси мамлекеттик биометрикалык маалыматтык системалардын техникалык оператору деп аныкталды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.