Өткөрүп жибербеңиз: Түндүк Кипрде космос жана технология фестивалы өтөт

Дүйнөдөгү эң ири авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFEST 2025-жылы бир тууган өлкө Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) технология ышкыбоздорун бириктирет. Бул уникалдуу иш-чара 1-4-май күндөрү «Эржан» аэропортунун эски терминалында өтөт жана инновациянын жаңы доорун ачкан сынактарды камтыйт.

Инновациянын жүрөгү ТКТРде согот!
 
Фестивалда 7 негизги жана 14 кошумча категория боюнча технологиялык сынактар өткөрүлөт. Алардын арасында:
 
• Социалдык инновациялар сынагы, коомдук пайдалуу жана жаңычыл долбоорлорду жаратуу үчүн.
 
• Учкучсуз унаалар симуляциясы, автономдуу башкаруу жана стратегиялык көзөмөл механизмдерине негизделген долбоорлор.
 
• TEKNOFEST KKTC Изилдөө долбоорлору сынагы, айыл чарба, экология жана энергетика тармактарында туруктуу өнүгүүгө салым кошуу максатында.
 
• TEKNOFEST Robolig Mavi Vatan сынагы, робототехника жана программалоо боюнча эң мыкты инженердик долбоорлорду сунуштайт.
 
• Туризм технологиялары сынагы, ТКТРдин туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн акылдуу технологияларды илгерилетет.
 
• TEKNOFEST Drone Championship - KKTC, дрон башкаруу ыкмаларын, ылдамдык жана тактык көндүмдөрүн сынайт.
 
• HackMasters - Mavi Vatan киберкоопсуздук сынагы, киберчабуулдарга каршы күрөшүү жана IT коопсуздук чечимдери боюнча катышуучулардын жөндөмүн текшерет.
 
TEKNOFEST KKTCде технология, адреналин жана эмоция!
 
Фестиваль инновациялык сынактардан тышкары, укмуштуудай иш-чараларга да бай болот: авиациялык шоу-программалар, концерттер, семинарлар, көргөзмөлөр, мастер-класстар, симуляциялык тажрыйба аймактары, виртуалдык чындык аянтчалары, планетарий, студенттер үчүн өзгөчө учуу программалары ж.б.
 
TEKNOFEST KKTCнин байге фонду 5 миллион лирадан ашат!
 
Катышуучулар өз долбоорлорун көрсөтүүгө жана өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Жалпы байге фонду 2,5 миллион TL түзсө, кошумча 3 миллион TL командаларды колдоого багытталган. Ошондой эле жол кире жана жашоо чыгымдары да камтылат.
 
Катышуу жана толук маалымат алуу үчүн: www.teknofest.org

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз