С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Самат Дүмүров: “Адал иштеп, ак кызмат кылуу - башкы максатым”
Жакында гана ротация жолу менен Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына которулуп келген Самат Дүмүров, иштин көзүн билген мыкты жетекчи. Ал Аравандын эң алыскы Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дээрлик бир топ жыл иштеп, калктын муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келген. Учурда Араван районун эң ири аймактарынын бирин башкарып, мындагы элдин суроо-талаптарын орундатуу максатында тер төгүп келүүдө. Биз аталган Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн кеңсесине баш бакканыбызда айыл өкмөткө келген калктын саны көп экенине күбө болдук. Мындагы кызматкерлер келген элди жылуу кабыл алышып, алардын муктаждыктарын тез аранын ичинде чечип берип жатышканына ичибиз жылыганын жашыра албайбыз. Айыл өкмөт башчысынын кабыл алуусуна кезекте турган элдердин катарынан биз да кезек алып, Дүмүров Самат Турганбаевичке жолугуп, мындагы аткарылган иштер туурасында баарлашып кайтканбыз. Анда кеп башынан болсун.
-Самат Турганбаевич, Сиз С.Юсупова айыл өкмөтүнө жакында эле ротация жолу менен келгениңизди билебиз. Жетекчи болуп келген күндөн жумушуңузду эмнеден баштадыңыз?
-Ооба, туура айтасыз. Мен ушул эле Араван районун эң алыскы аймагы болгон Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштедим. Кийин акимдин буйругунун негизинде С.Юсупова айыл өкмөтүнө ротция жолу менен дайындалдым. Албетте, мен Төө-Моюнда иштеп жүргөндө бир топ тапталып, аймактын иштерин алга сүрөөнүн жолдорун изденип, тажрыйба арттырган экенмин. Мен бул жака келээрим менен айылдарды кыдырып, эл менен жеринде жолугушууларды уюштурдум. Карапайым калктын үнүн жеринде уктум. Бардыгын жазып алып, анализ жүргүздүм. Тилекке каршы мен келгенде жергиликтүү бюджет бекитилип калгандыктан, ушул жылга атайын иш-пландарымды иштеп чыктым. Кийин аны жергиликтүү кеңештин депутаттарына сунуштап, элдин эң көйгөйлүү маселелерин чечүүгө бел байладым. Ал иш пландарымды турмушка ашырып, буюрса ал жөнүндө да сиздер менен бөлүшөм.
Жакында район башчыбыздын эл менен жолугушуусу өтүп, аймактын иштери боюнча отчетубузду берип алдык. Шүгүр, элдин ыраазычылыгына татыган жумуштарыбыз менен ичибиз жылый түштү. Албетте, эл тараза, эл сынчы демекчи, ар бир калк үчүн кылган кызматыбыз калкыбыздын тараза ташында. Максатым, адал иштеп, ак кызмат кылсам дейм. Жакырчылыкты жоюп, өлкөбүз өнүксө деген ниетим жүрөгүмдө жашайт. Ал үчүн болгон билим, тажрыйбамды жумшап, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, элибиздин жашоо-шарты жакшырышына салым кошуп, иштей беребиз деген ниеттемин. Бул кызматта иштеп, киийн башка жака которулсаң, аткарган иштериң менен калктын алкоосуна арзып, артыңдан жылуу пикир калса деймин. Ал үчүн биздин айыл өкмөттүн кызматкерлеринин билим деңгээли жетиштүү.
-Самат Турганбаевич, Сиз жетектеген С.Юсупова айыл өкмөтү калк жыш жайгашкан аймак. Мындагы калкты таза суу менен камсыздоодо айы өкмөт тарабынан кандай жумуштар жүз берди?
-Албетте, Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү эң ири аймактардын бири болгондуктан, сиз айткандай калк жыш отурукташып, башка аймактарга салыштырмалуу кожолуктун саны бир топ көп. Учурда таза суу тармагы боюнча айта турган болсом, айыл жашоочуларынын толук таза суу менен камсыз кылуу максатында 2 жаңы скважина казылып, бирөөсү пайдаланууга тапшырылды. Бул кудуктарды казууга жергиликтүү бюджеттен жана өнүктүрүү фондунан каржыланган. Ал эми экинчи кудук ишке түшсө 450 кожолукту таза суу менен жана 65 га жерлерди сугат суу менен камсыз кылууга шарттар түзүлөт. Бул боюнча азыр кызуу иштер жүрүүдө.
Ошондой эле, Октябрь айылындагы скважинанын насосу жаңыланып, бул иштерди аткарууга жергиликтүү казынадан, “Акниет-Араван” муниципалдык ишканасы тарабынан каражат сарпталды. Ушул эле каражат булактары аркылуу Каррак айылынын Сарай көчөсүнө таза суу кампасы курулуп, калк керегине тапшырылды.
-Самат мырза, аймактын ннфраструктурасын жакшыртуу иштери боюнча кыскача айта кетсеңиз?
-Жакшы болот. Негизинен өзүңүздөргө белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жана №56 Жарлыктарына ылайык айыл аймагындагы мыйзамсыз 87 обьект буздурулду. Ал эми «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун негизинде 170 арыз катталып, 36 турак үйгө мамлекеттик акт ыйгардык.
Коомдук коопсуздукту сактоо, жарандарга түнкүсүн жакшы шарт түүзүү максатында айыл аймагынын бардык айылдарында муктаждыктарына жана элдин суроо талабына ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен түнкү жарыктар коюлуп, зым жана мамычалар, прожекторлор сатып алынып, пайдаланууга тапшырылды.
Райондун борборуна унаа кырсыктарын алдын алуу максатында жергиликтүү бюджет эсебинен акча каражаты ажыратылып, жол чырактар (светофор) орнотулду.Араван сайдын жээгиндеги бузулган жерлерди атайын техника жардамы менен калыбына келтирүү иштери аткарылып, Араван сайдын жээгине курулуш материалдарды жергиликтүү казынадан ажыратып, жумуштар аткарылууда. жергиликтүү бюджет эсебинен ажыратылып сарпталды.
-Айыл аймагында жаштар арасында спортту өнүктүрүү максатында Манас орто мектебинин айланасына футбол аянтчасы курулду. Октябрь көчөсүнө 800 метр аралыкка жарыктандыруу линияларын тарттырдык. Навбахор көчөсүнө калктуу конуштарга трансформатор сатып алып бердик, азыр аны элибиз пайдаланууда. -Жолу оңдун иши оң демекчи, мындагы жол көйгөйлөрүн чечүүдө кандай аракеттерди көрүүдөсүздөр?
-Албетте, жолдорду оңдоо, ички көчөлөрдү калыбына келтирүү аймак тарабынан тынымсыз эле жүргүзүлүп келет. Ал эми өткөн жылы аймактагы 15 км. ички талаа жолдору тегизделди. Ленин, Б.Айдаров жана М.Султанов көчөлөрүн таштанды жана топурактан тазалоо иштери алынып барылды.
Ошондой эле Каррак айылынын Х.Абдуллаев көчөсүнө тротуар куруу иштери аягына чыгарылды. Жол маселеси көңүл борборубузда. Буюрса, алдыдагы иш пландарымдын негизинде жолдорго көңүл буруу аракеттерим күч.
-Самат Турганбаевич, Сиз жетектеген айыл өкмөттүн социалдык тармагы боюнча да уксак?
-Албетте, элге жакшы шарттарды жартуу, социалдык колдоолорду берүү, жакырчылыкты жоюу менин бирден-бир максаттарымдын бири. Аймакта БУУ ДАТПнын «Эмгек үчүн азык-түлүк» долбоорунун негизинде 165 үй-бүлөгө 40, 500 кг. байытылган ун, 4,050 кг. өсүмдүк майы, 140 адамга 150 АКШ доллары таратылды.
А.Сайдахматов атындагы орто мектебинин от-казандарын ремонттон өткөрдүк, Суткор көчөсүндөгү ФАПты капиталдык ремонтто жана жолдорго зым тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана жергиликтүү жамааттар тарабынан колдоого алып, бул иштер да ийгиликтүү аяктады. Ж.Абдурахманов атындагы №40 орто мектеби мамлекеттик стандарттарга жооп берүүчү капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
Айыл аймагында жөлөк пул алуучулар мамлекет тарабынан «Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам берүү боюнча» арыз менен 130 аял кайрылды. Алар айыл өкмөткө өздөрүнүн мал, кой чарбачылык, чеберчилик, майда бизнес менен алектениши жөнүндөгү бизнес пландарын беришти. Кабыл алынган 130 бизнес пландан 12 аял Дүйнөлүк банктан алса, 109 аял республика тарабынан берилген жүз миң сом социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдарды алышты. Учурда жеке бизнестерин өнүктүрүү менен алек.
Жалпыга маалым болгондой, айыл өкмөтүндө ачылган социалдык дүкөнгө жыл ичинде 23 үй-бүлөгө орто эсеп менен 800 сомдук азык-түлүктөрдү бердик.
-Самат мырза, кышка даярдык, тазалык, өнөр жай тармактарына да кыскача токтолсоңуз?
-Чындыгында калк жыш жайгашкан аймак болгондуктан тазалыкты сактоо, тазалык жаатында эл менен иштешүүдө айыл өкмөттүн С.Юсупова – Тазалык муниципалдык ишканасы иштеп келет. Таштанды таштоочу полигонго видео көзөмөл орнотулган. Ал эми өнөр жай боюнча айтсам, С.Юсупова айыл өкмөтүндө 2024-жылдын 12 айы ичинде жалпы 56 ишкана ишке түшүп, 128 адам иш менен камсыз болду.
Байкганыңыздардай быйылкы кыш мезгили оор болууда, андыктан аймактын карамагындагы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын күз-кыш мезгилине көмүр менен камсыз кылууну толук ишке ашырдык.
Ал эми бизде “Араван-Жылуулукту камсыздоо ишканасы” ачылып, аталган муниципалдык ишкана айыл аймагындагы Араван жана Эрке-Кашка айылдарына караштуу М.Султанов менен Б.Айдаров көчөлөрүндөгү эки кабаттуу үйдү, Ж.Абдрахманов мектебин жана ишкана-мекемелерди жылуулук менен камсыздап жатат. Ошондой эле, кошумчалай кетсем айыл өкмөттүн карамагындагы Б.Айдаров көчөсүндө жайгашкан «Мөмө-Жемиш» борбордук базардын алдындагы жол тыгынын азайтуу максатында айыл өкмөтү тарабынан муниципалдык унаа токтоочу жайлар уюштурулду. Ошондой эле аталган жерге муниципалдык тазалык кааналарын куруу иштери улантылууда.
Маектешкен: Назгүл Өмүрзакова.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.