Кадырбек Садабаев: -“Дашман” коругу – көйгөйдөн арылып баратат...

“Дашман” – Арстанбап жаңгак токоюндагы корук аймак. Ага 2012-жылы мамлекеттик жаратылыш коругу деген статус берилген. Ага чейин жергиликтүү тургундар азыркы корук аймагында чарбалык иштерди жүргүзө албай калышкан. Тактап айтканда, бул жактан жаңгак терип, чөп орууга, жер айдап, дыйканчылык кылууга толук тыюу салынган. Мунун айынан бир топ жолу нааразычылыктар коштолгон акциялар өттү. Бирок ага карабай, корук өз ишин улантып келет. Учурда коруктун абалы кандай экенин билүү максатында “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругунун илимий иштер боюнча директордун орун басары Кадырбек Садабаев менен ат жалында маек кылдык.
 
-Кадырбек мыза, саламатсызбы? “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу тууралуу кеп кылганда, анын айланасындагы талаш-тартыштар тууралуу малыматтар көп чыгат экен. Негизи мунун тагдыры кандай болгон жана кантип корук болуп түптөлүп калган?
 
-1975-жылы “Дашман” токой чарбасы буйрутмачы болуп, өзүнчө бөлүнгөн. Ошондо Арсланбап токой чарбасынын карамагында 3095 гектар өзгөчө коргоо жаратылыш аймагына кирген эле. Анан 1980-жылдары бул жердеги жашоочулар кете башташат. Мүмкүн анда кысым болгонбу, анткени бул жерде көрүп атасыңар, үйлөр бар эле, мектеп бар эле, мотор менен свет коюлчу. Кыскасы, шартка байланыштуу деп эл кетип калышты. Кийин акимчилик ылдыйкы аймактардан, тиги Сузак менен Базар-Коргон райондорунун кошулушундагы Турпак-Белден жер беришкен. Анын максаты – бул жердеги элди көчүрүү болгон. Бирок эл ал жерге убагында барган эмес. Эми азыр ал жактан жер тилкелерин сатып алыш атышат. 
 
Анан, корук 2012-жылы 12-июлда Өкмөттүн № 480 атайын токтому чыгып, корук расмий уюшулган. Негизи муну түзүү боюнча эл арасында сурамжылоо жүргүзүү сыяктуу бир катар даярдык иштери жүргөн. Ошону негиз кылып корук уюшулган. Бирок айрым тургундар ушул жерден нааразычылыгын айтып келишет. Анткени алар: “элге мындай маалымат берилген эмес, корук болсо, компенсация берилиш керек болчу”, – деген сыяктуу нааразы пикирлерин айтып келишет.
 
-Ошол нааразычылыкка токтололучу, алар эмне компенсация сурап атышат? Же алардын жери корукка алынып калып атабы?
 
-Эл экономикалык жагын айтышат. Мисалы: төмөн жакта жашаган элдин 1 гектарга чейин үлүш жерлери бар, а бул жердегилерде жок. Ушуга нааразы болушат. Алардын үй-бүлөлүк экономикасын көтөргөн нерсе – бул, жаңгак болчу. Анан бул жакка малын багып, чөбүн чаап кетишчү. Ачык жерлерине кичинеден картошка эгип, кыскасы ушинтип тиричилигин өткөрүп келишкен. Бирок алар пайдаланып келаткан жер корукка алынып калгандыктан нааразы болбой эмне болушмак эле.
 
Бирок эми муну жолго койсо болот эле. Өкмөтүбүз бай болуп, аларга компенсация төлөп берип, мини ГЭСтерди куруп, күйүүчү-майлоочу майларды, ресурстарды көбөйтүп, мини заводдорду ачып, элдин тыйын табуусуна шарт түзүп берип койсо, мен ойлойм, корукка мынчалык каршы болгондор дээрлик жоголмок. Экинчи жагынан – компенсация болбосо да, положениеге кичине өзгөртүү киргизип берип койсо болмок дейм. Мисалы: токойдон жаңгак  терүүгө уруксат берип, терген жаңгактын 40/60 пайыз деп, бир бөлүгүн мамлекетке берип, калганын алып кетсе деле болмок.
 
Бирок токойдун экосистемасы бузулбаш керек. Мисалы: бир эле чөп жок болуп кетсе, бир чынжыры үзүлөт дагы, башкасына бир витамин жетпей калат. Ошондуктан токоюбузга аяр мамиле кылышыбыз керек. Анын негизинде элге түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келебиз. Эми муну түшүнгөнү бар, түшүнбөгөнү бар.
 
-Азыр бул корук кандай иштеп атат?
 
-Чынын айтсам, кыйынчылыктар деле бар. Бир жагынан эл кысат, бир жагынан талап бар. Коюлган талап менен элдин ортосунда кыйын эле экен. Бирок баарыбир, кандай болбосун коруктун иши жолго коюлуп калды. Бир тепкич болсо да өттү десем болот. Буга көп эмгек кетти. Жөнөкөй эле мисал: мына, өзүң көргөн жаңгак көчөттөрдүн абалын айтса болот. Булар коргоонун натыйжасында кадимкидей өсүп жатат. Мен ушунусуна сүйүнөм. Тиги асман тиреген жаңгактар убагы келгенде куурайт, чирип түшөт. Ошондо биз коргоп өстүргөн ушул көчөттөр эртең ошолордун ордун басат. Мен буларды өзүмдүн балдарымды чоңойткондой кылып көңүл бөлөм, буларга көкүрөгүм сүйүнөт. Себеби токойчумун.
 
Ал эми элге өкмөт тарабынан жакшылап жардам бериш керек. Жаңгагын бербей эле койсун, пенсиясынабы, конпенсациябы же жакшы шарт түзүп бериш керек эле да. Ошондо токойго басым аз болмок. А биз аларга корук эмнеге керек экенин, экосистемага, дегеле адамзатка, келечек муунга кандай пайдалуу болоорун айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келатабыз. Анан азыр мектептерге, жаш муундарга барып, токойдун экоагартуу иштери менен тааныштырып жатабыз. Аларга окутуу, түшүндүрүү биздин милдетибиз. Мен ойлойм, келечекте баары жакшы болот.
 
-Кадырбек мырза, сиз директордун илимий иштер боюнча орун басары экенсиз. Ушул илимий иштер боюнча эмне жумуштар аткарылып жатат?
 
-Илимий иштер боюнча айтып берсем: бизде көбүнчө анализ жүргүзүлөт. Ал деген жыл сайын фенологиялык байкоо жумуштар аткарылат. Мисалы: кыш өтөт, кар кетип, жаз жакындаганда даракка биринчи суу жүгүрөт. Бизде атайын аймактарыбыз бар, ушундай дарактарга байкоо жүргүзүү боюнча, ошол жерлерде качан суу жүгүрдү, качан гүлдөдү, качан мөмө түйдү, анан качан мөмөсүн жана жалбырагын таштады деген жалпы вегетациялык мөөнөтүнө байкоо жүрүп турат. Деңиз деңгээлинин ар бир бийиктигинде жана анын батыш-чыгыш, түндүк-түштүк тарабынан изилдеп, жаратылыштын жыл намасын толтурабыз. Жыл наманын биринчи томуна коруктун жайгашкан жери, релефи, кыртыштары, климаты, экономикалык шарттарынын баары жазылат. Канча дарагы бар дегенге чейин киргизилет. Ал эми экинчи томунда жалаң фенологиялык байкоолор жазылат. Анда дарактар боюнча жана жапайы жаратылыштагы жаныбарлар менен канаттууларга байкоо жүргүзүлөт.
 
Андан сырткары, Бишкектеги Гореев атындагы ботаникалык бак менен келишим түзгөнбүз. Быйыл кайра уланттык. Анан Илимдер академиясынын Түштүк бөлүмү жана университеттер менен да кызматташабыз. Быйыл бир егерибизди аспирантурага тапшырттык. Теманы алып, илим жаатында кеткени атат. Эми дагы Ош ТУнун окутуучулары менен кызматташып атабыз. Андан башка, “Германиялык табиятты коргоо (NABU)” уюмунун Кыргызстандагы филиалы менен да көп таратуу кызматташууну баштадык.
 
-Эми акыркы суроо болсун, корук эмнеге керек экенин окурмандарга адис катары терең түшүндүрүп берсеңиз жакшы болот эле...
 
-Ар бир корукка максат коюлуп, ошонун негизинде ачылат. Мисалы: биздин “Дашман” коругунун максаты – жаңгактардын генофондун сактап калуу болуп саналат. Анын ичинде жалгыз эле жаңгак эмес, биоартүрдүүлүктү, экосистеманы тактап калуу максатында уюшулган.
 
Эми адамзатка пайдасын айтып берейин. Мунун мааниси өтө чоң. Токой ар убак адамзатка керек. Антропогендик басым көбөйүп кетти. Ошол үчүн корук уюштуруу – бир эле өрөөнгө эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнө пайдалуу болот. Мисалы: 600 миң гектар жерге бак эксең дагы, бул токойдой боло албайт. Анткени бул табигый өскөн токой болуп саналат. Ушуну сактап калыш максатында корук уюшулган. Абаны тазалаганын айт, көчкүдөн сактаганы, сууларды тескегени, бөлүштүргөнү, жерди өзүнөн өзү байытканы – бул, байлык эмеспи? Кыскасын айтканда, токой – адамзатка эң пайдалуу нерсе. Ошондуктан токой экосистемасын келечек муунга сактап, өткөрүп беришибиз керек!
 
-Рахмат маегиңизге!
 
А.Каракозуев

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз