Султанали Гапаров Ош облусунун казысы болуп дайындалды
Султанали Гапуров Ош облусунун казысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койгон.
Муфтияттын маалыматына ылайык, башка чечим менен Абибилла Кадырбердиев КМДБнын диний агартуу, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүн жетектөөчү болуп дайындалды.
Султанали Гапуров 1978-жылдын 24-мартында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Маргун айылында төрөлгөн.
Билими:
«Абдыжапар» ислам институту (2001-ж.)
«Расул Акрам» ислам институту (2004-ж.)
Баткен мамлекеттик университети (2011-ж.)
Эмгек жолу:
1994–2003 – айыл чарбасында иштеген;
2004–2005 – Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары;
2005–2006 – Баткен облусунун казысын орун басары;
2006–2012 – Баткен облусунун казылары;
2012–2014 – Ош облусунун казылары;
2017–2021 – муфтияттын даават жана насаат бөлүмүндө адис;
2021–2023 – ДУМКнын фатва бөлүмүнүн башчысы;
2023–2025 – даават, насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.