Айбек Абдымомунов Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорлук кызматынан
Айбек Абдымомунов Министрлер кабинетине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорлук кызматынан башка ишке өтүшүнө байланыштуу бошотулду.
Президенттик администрациянын маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
Айбек Абдымомунов бул кызматка 2025-жылдын февраль айында дайындалган.
Ага чейин, 2023-жылдын апрелинен тартып ал маданият, маалымат, дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору болуп, министрдин орун басары макамында иштеп келген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.