4-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жамгыр жаайт, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар күтүлөт. Ош облусунун өрөөн аймагында, Баткен облусунун дыйканчылык зонасында, Чүй, Талас жана Жалал-Абад облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жамгыр жаайт, бийик тоолуу райондордо кар болот. Ош облусунун өрөөн аймагында жана өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы 4–9 м/с.

Аба ырайынын температурасы:

Чүй облусу
түнкүсүн +1…+6°
күндүз +14…+19°

Талас облусу
түнкүсүн +2…+7°
күндүз +12…+17°

Баткен облусу
түнкүсүн +8…+13°
күндүз +20…+25°

Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +8…+13°
күндүз +20…+25°

Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +2…+7°
күндүз +12…+17°

Нарын облусу
түнкүсүн +1…+6°
күндүз +12…+17°

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы 4–9 м/с. Түнкүсүн абанын минималдуу температурасы +3…+5°, күндүз максималдуу температурасы +16…+18°.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы 4–9 м/с. Түнкүсүн абанын минималдуу температурасы +5…+7°, күндүз максималдуу температурасы +12…+14°.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз