Талас облусунда түнү күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду
Кыргызстанда 6-октябрга караган түнү күчү 5,5 баллдык жер титирөө болду, — деп билдирди Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту.
Эпицентрде жер титирөөнүн күчү 6 баллга жеткен.
Жер титирөө саат 02:28де сезилип, анын очогу Талас Ала-Тоосунда, Чакмак-Суу айылынан түндүк-батыш тарапка 23 км алыста, Башкы-Терек айылынан түндүккө 25 км, ал эми Талас шаарынан түштүк-батышка 85 км аралыкта жайгашкан.
Кыргызстандын айрым калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү төмөнкүдөй болгон:
Чакмак-Суу айылында — 5,5 балл,
Башкы-Терек айылында — 5 балл,
Кара-Сай, Кек-Сай, Шекер, Кайнар, Чоң-Кара-Буура жана Бакай-Ата айылдарында — 4,5 балл,
Талас шаарында — 4 балл.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.