Министрлер кабинетинин төрагасы шайлоодо мамлекеттик кызматкерлерден бейтараптуулукту сактоону талап кылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып, аларды шайлоо процессине кийлигишпөөгө чакырды.
Өкмөт башчы жыйын учурунда бардык деңгээлдеги кызматкерлерге кайрылып, шайлоо учурунда административдик ресурсту колдонуу мыйзам бузуу болуп саналарын эскертти.
«Шайлоого кийлигишпегиле! Эгер кимдир бирөө шайлоодо жакындарына жардам бергиси келсе, алгач кызмат ордун тапшырсын, андан кийин гана шайлоо процесстерине катышсын», — деди Адылбек Касымалиев.
Анын айтымында, соңку күндөрү айрым мамлекеттик кызматкерлер тарабынан административдик кийлигишүү боюнча сигналдар түшүүдө. Өкмөт башчы белгилегендей, кызматтык абалды талапкерлердин кызыкчылыгында пайдалануу — мыйзам бузуу болуп эсептелет жана мындай аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган.
Касымалиев айрым аймактарда айыл өкмөттөрү, акимдер, губернаторлор жана министрлер шайлоого байланыштуу көрсөтмөлөрдү берип жатканы тууралуу маалыматтар түшүп жатканын кошумчалады.
Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлерди саясий нейтралдуулукту сактоого жана өлкөдө таза, ачык шайлоолорду камсыздоого чакырды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




