Ош: «Келечек» базарын куруу иштери уланууда
Ош шаарында 5 гектар жерге салынып жаткан «Келечек» базарынын курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Келечек», «Бостон» жана мөмө-жемиштер базарындагы соодагерлер үчүн курулуп жаткан базарда 1300дөн ашык орун түзүлөт.
Базарда зер буюмдар сатуучу, акча алмаштыруучу жайлар да каралып, ажаткана, ашкана, унаа токтотуучу жайы менен болот.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




