Милиция Екатерина Биволго издөө жарыялады
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кыргызстандыктарды акараттаган билдирүүлөрдү айткан Екатерина Биволго издөө жарыяланды.
21-октябрда социалдык тармактарда мурдагы боксчу Дмитрий Биволдун жубайы болгон Екатерина Бивол кыргыз элине карата «орой жана кемсинткен сөздөрдү» айткан видеоматериалдар тараган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (душмандыкты) козутуу») боюнча кылмыш иши козголгон.
Аталган берене боюнча жаза чарасы беш жылдан жети жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасын карайт.
Биринчи Май райондук соту шектүүгө карата сырттан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандап, аны издөө жарыялаган.
Эскерте кетсек, Екатерина Бивол — дүйнө чемпиону, Токмок шаарынан чыккан боксчу Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы. Ал социалдык тармактарда мурдагы күйөөсү тууралуу үзгүлтүксүз билдирүүлөрдү жазып келет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




