Ошто жасалма дем алдыруучу аппараттардын жетишпестигинен улам 34 ымыркай чарчап калган,- депутат

Ош шаардык төрөт үйүндө ИВЛ аппараттарынын жетишсиздигинен улам 34 наристе каза тапкан. Бул тууралуу "Жаңы Кыргызстан" фракциясынан депутат Айжан Тогузакова бүгүн, 27-февралда Ош шаардык кеңешинин жыйында билдирди.
 
Анын айтымында, Ош шаардык төрөт стационарында 802 бала ара төрөлгөн болсо, анын 56сы ИВЛ аппаратка жаткырылып, 22си аман калып, 34ү чарчап калган.
 
"Ош шаардык төрөт стационарында 802 бала ара төрөлгөн, алардын 56сы аппаратка жатыптыр, 22си аппараттын жардамы менен жашап кетиптир , 34ү каза болгон. Ушул маселе боюнча муниципалитетке кайрылат элем да. ИВЛ аппараттарды алып берүү боюнча маселе жаралып жатат ",- деди ал.
 
Социалдык маселелер тармагын тейлеген вице-мэр Нурбек Кадыров аталган төрөтканага муниципалдык бюджеттен аппарат алып берүү үчүн акча каражаты бөлүнбөстүгүн белгиледи.
 
"Төрөткана былтыр толугу менен капиталдык ремонттон өттү. Мындан ары толук кандуу жардам бере алабыз деген ниет бар. Анан жаңы аппараттарды алып берүү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине каттар жазылды. Имарат муниципалдык болгон менен алардын ички аппараттарына муниципалдык бюджеттен бөлүп бере албайт экенбиз. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлигине кайрылдык",- деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз