Угандада Эбола вирусунан дагы бир бейтап каза болду

Угандада Эбола вирусуна чалдыккан дагы бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып билдирди.
 
Учурда Угандада аталган ооруну жуктурган 10 учур расмий түрдө тастыкталды.
 
Алгачкы учурлар быйыл январь айында катталган. Ошол кезде Кампаладагы Улуттук Мулаго ооруканасынын кызматкери оорудан улам каза тапканы маалымдалган.
 
1-мартта ДССУнун Угандадагы бөлүмү 4,5 жаштагы наристенин Эбола вирусунан көз жумганын жарыялады. Ал да биринчи бейтап сыяктуу эле Мулаго ооруканасында дарыланып жаткан. Бул Угандадагы Эбола жуктурган бейтаптарды кабыл алган жалгыз медициналык жай болуп эсептелет.  
 
18-февралда министрлик 8 бейтаптын сакайып чыкканын билдирген. Бирок алар менен байланышта болгон 265 адам азыркыга чейин Кампала жана башка эки шаарда карантинде турат.
 
Эске сала кетсек, Угандада январь айында башталган Эбола вирусунун акыркы эпидемиясында эки адам каза болду. Биринчи учур 29-январда катталып, анда 32 жаштагы медайым көз жумган.
 
2022-жылы, бул өлкөдө Эбола вирусунан кеминде 55 адам каза болгон. Ал эми 2000-жылы 224 адам каза тапкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз