АКШ куш тумоосу менен күрөшүүгө 1 млрд доллар бөлөт

АКШнын Айыл чарба министри Брук Роллинс өлкөдө куш тумоосунун жайылышына каршы күрөшүү үчүн өкмөт 1 млрд долларга чейин каражат бөлөрүн билдирди. Мындан тышкары, жумуртканын баасын төмөндөтүү максатында импорт көбөйтүлөт.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдан бери бул вирус АКШдагы канаттуулар чарбаларында 166 миллион тооктун өлүмүнө алып келген.
2024-жылдын башынан бери дээрлик 1000 уй вируска чалдыгып, ошондой эле 70 адамдан оору аныкталган. Алардын ичинен бир бейтап каза болгон.
Министрликтин маалыматына караганда, 500 миллион доллар биологиялык коопсуздук аудитин өткөрүүгө, ал эми 400 миллион доллар куш тумоосу аныкталган учурда үй канаттууларын жок кылууга берилчү компенсацияларды жогорулатууга жумшалат. Бул тууралуу Роллинс министрликтин өкүлдөрү катышкан конференцияда айтты.
Куш тумоосу (avian influenza) – бул вирус аркылуу жугуучу жугуштуу оору, ал негизинен канаттуулар арасында жайылып, кээде адамдарга да жугушу мүмкүн. Вирус биринчи жолу 1878-жылы Италияда аныкталган, 1997-жылы Гонконгдо адамдар арасында катталган учурлар дүйнөлүк кооптонууну жараткан. Оору канаттуулар чарбаларына чоң экономикалык чыгым алып келип, адамга жукканда өлүмгө жеткирүү коркунучу бар.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.