4-ноябрдан тартып түндүктөн келген антициклондун таасиринен Кыргызстанда суук болуп, жаан жаап, кийин карга айланышы күтүлүүдө, - Кыргызгидромет адиси

Кыргызгидрометтин аба ырайын божомолдоо бөлүмүнүн башкы адиси Айжанат Бактыбекованын «Биринчи радио» эфиринде билдиргенине караганда, 4-ноябрдан тартып түндүктөн келе жаткан антициклонго байланыштуу Кыргызстанда абанын суукташы жана жамгырдын карга айланышы күтүлүүдө.

30-октябрда түнкүсүн Чүй жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк райондорунда, Нарын облусунун айрым аймактарында жамгыр жаап, тоолордо кар күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

31-октябрда аба ырайы жаан-чачынсыз болот.

1-ноябрда түнкүсүн Чүй жана Талас облустарынын айрым райондорунда жамгыр жаайт, тоолуу райондордо кар түшөт. Эртең менен жана күндүз Чүй облусунун айрым аймактарында жамгыр, ал эми бийик тоолордо кар күтүлөт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт.

2-ноябрда жана 3-ноябрдын түнүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 3-ноябрдын күндүзүндө Чүй жана Талас облустарынын айрым райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жамгыр жаап, тоолордо кар түшөт.

4-ноябрда Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк райондорунда, Чүй, Талас, Ош жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жамгыр жаайт, тоолордо кар күтүлөт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр карга айланат, тоолуу райондордо кар түшөт.

5-ноябрда Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, ошондой эле Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым райондорунда нымдуу кар күтүлүүдө.

1-ноябрда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге чейин жетсе, 3-ноябрдын күндүзүндө айрым жерлерде 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн.

«Божомолдорго ылайык, 4-ноябрда түндүктөн антициклон келет. Анын таасиринен улам абанын температурасы төмөндөп, жамгыр карга айланат. Так маалыматтар күн жакындаганда белгилүү болот жана биз катуу аба ырайы боюнча эскертүү беребиз», — деди Айжанат Бактыбекова.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз