Министрлер кабинети "Эң мыкты айыл өкмөт" наамы боюнча жеңүүчүлөрдү акчалай сыйлыктар менен сыйлады

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер Кабинети 2025-жылдын 21-октябрындагы №901-т токтому менен 2024-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн «Эң мыкты айыл өкмөт» мамлекеттик сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Документте айтылгандай, Каржы министрлигине республикалык бюджеттин 2025-жылга карата максаттуу трансферттеринен 12 миллион сом бөлүп, бул каражатты жеңүүчүлөргө сыйлык катары берүү тапшырылды. Сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасын Мамлекеттик кадр кызматы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик уюштурат.

2024-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөт» мамлекеттик сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо боюнча чечим:

Биринчи топ боюнча:

I орун (3 млн сом сыйлык фонду) — Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Суу-Башы айыл өкмөтү;

II орун (2 млн сом) — Ош облусунун Чон-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл өкмөтү;

III орун (1 млн сом) — Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл өкмөтү;

Экинчи топ боюнча:

I орун (3 млн сом) — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ысык-Көл айыл өкмөтү;

II орун (2 млн сом) — Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Достук айыл өкмөтү;

III орун (1 млн сом) — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Сайдыкум айыл өкмөтү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз