IMEI-коддорду идентификациялоону мамлекет көзөмөлдөшү мүмкүн. УКМК санариптик коопсуздук боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жаңы «Санарип кодексинин» жоболоруна шайкеш келтирүү максатында оперативдик-издөө жана каршы чалгындоо ишмердиги жөнүндө мыйзамдарды гармониялаштырууга багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Долбоор коомдук талкууга чыгарылды, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.

Документте терминологияны жаңылоо, эскирген түшүнүктөрдү алып салуу жана мамлекеттик органдардын телекоммуникация операторлору менен өз ара иштешүүсүнүн заманбап жоболорун киргизүү каралган.

Мыйзам долбоору операторлордун укуктары менен милдеттерин тактап, аларды ыйгарым укуктуу органдардын суроо-талаптары боюнча маалымат берүүгө, оперативдик иш-чараларды жүргүзүүгө зарыл техникалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга жана мыйзам чегинде санариптик системаларга жеткилик берүүгө милдеттендирет.

Ошондой эле оперативдик-издөө иштеринде колдонулуучу атайын техникалык каражаттарды (АТК) борборлоштурулган тартипте эсепке алуу каралууда. Бул ыкма алардын мыйзамсыз колдонулушуна жол бербөөгө жана ачык-айкындыкты жогорулатууга жардам берет.

Мыйзам долбоору куралдуу жаңжал же өзгөчө кырдаал учурунда улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан айрым мобилдик түзмөктөр үчүн телекоммуникация кызматтарын убактылуу токтотууга укуктук механизм киргизет.

Лицензиялоого тийиштүү ишмердик түрлөрүнүн тизмесинен эл аралык мобилдик түзмөктөрдүн коддорун (IMEI) аныктоо боюнча пункт алынып салынууда. Бул функция мындан ары мамлекеттин ыйгарым укугуна өтөт.

Түшүндүрмө-дайындык маалыматына ылайык, сунушталган өзгөртүүлөр санариптик технологиялардын өзгөчөлүктөрүн эске алган заманбап укуктук база түзүүгө жана атайын иш-чараларды жүргүзүүдө жарандардын укуктарын коргоого багытталган.

Мыйзам долбоорундагы негизги өзгөртүүлөр

1. Терминологияны жаңылоо

Эскирген «электр байланыш тармактары», «абоненттер», «маалыматтык системалар» сыяктуу түшүнүктөр «телекоммуникациялык тармактар», «колдонуучулар», «санариптик технологиялык системалар» деген заманбап терминдерге алмаштырылат.
Бул «Санарип кодекси» менен түшүнүктөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздап, мыйзамдардын ортосундагы техникалык карама-каршылыктарды жоёт.

2. Телекоммуникация операторлорунун укуктары жана милдеттерин тактоо

Мыйзам долбооруна ылайык операторлор:

колдонуучулар жөнүндө маалымат берүүгө,

оперативдик жана каршы чалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн программалык жана техникалык шарттарды камсыздоого,

маалымат базаларына жана санариптик системаларга жеткилик берүүгө,

ыйгарым укуктуу органдар менен Министрлер Кабинети бекиткен тартипте өз ара кызматташууга милдеттүү болот.

Ошондой эле атайын техникалык каражаттардын (АТК) ээси катары улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленет. Ал эми бул каражаттардын борборлоштурулган эсебин УКМК жүргүзөт. Бул чара мыйзамсыз тыңшоолордун алдын алып, көзөмөлдүн ачыктыгын камсыздайт.

3. Каршы чалгындоо чараларын толуктоо

Мыйзам долбоору жаңы түшүнүктөрдү киргизет:

«Санариптик объекттерди таануу» — базалар жана программалык камсыздоо аркылуу адамдарды же транспорт каражаттарын автоматтык түрдө аныктоо;

«Телекоммуникациялык тармактардагы оперативдик издөө» — мурдагы «байланыш тармактарындагы издөөдөн» айырмаланып, кеңейтилген түшүнүк;

өзгөчө кырдаал же согуш абалы шартында улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан айрым мобилдик түзмөктөрдү телекоммуникация кызматтарынан убактылуу ажыратуу мүмкүнчүлүгү киргизилет — бул чечим УКМКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кабыл алынып, андан кийин сот тарабынан көзөмөлдөнөт.

Бул чара массалык эмес, так багытталган жана улуттук коопсуздукту коргоого арналган.

4. IMEI-коддорду аныктоого лицензия берүүнү алып салуу

«Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдан эл аралык мобилдик түзмөктөрдүн коддорун (IMEI) аныктоо ишмердигин лицензиялоого байланышкан пункт алынат.
Бул функция мамлекетке өткөрүлүп, санариптик суверенитеттин модели менен жана Евробиримдик, БАЭ, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасына шайкеш келет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз