Вашингтондо Садыр Жапаров менен Дональд Трамп сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Президент Садыр Жапаров 6-ноябрда Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Вашингтон шаарында президент Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстан менен АКШнын эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана өнөктөштүктү чыңдоонун жолдорун талкуулашты. Өзгөчө саясий тармактагы, ошондой эле каржылык технология жана жасалма интеллект багыттарындагы кызматташууга көңүл бурушту.
Кыргызстан башка мамлекеттер сыяктуу мунай жана газ запастарына ээ эмес экенин белгилеп, Мамлекет башчысы өлкөнүн негизги байлыгы – бул билимдүү жаштар экенин баса айтты. Алардын көпчүлүгү IT тармагын активдүү өздөштүрүп жатышканын белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле каржылык технология тармагындагы кызматташтыкка көңүл буруп, АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан кабыл алынган Genius Act мыйзамын белгилеп өттү. Бул мыйзам стейблкоиндерди жөнгө салат жана дүйнөдөгү эң өнүккөн, прогрессивдүү мыйзамдардын бири катары бааланат.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда санариптик финансы инструменттерин киргизүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Анын ичинде улуттук стейблкоин — KGSTнин ишке кириши жана мамлекеттик крипторезерв түзүү багытындагы иштерди белгиледи.
Өз кезегинде Дональд Трамп Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, эки өлкө ортосундагы мамилелердин ырааттуу өнүгүп жатканын баса белгиледи.
АКШ президенти ошондой эле жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалог мындан ары да өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эки элдин туруктуу өнүгүүсүн, коопсуздугун жана жыргалчылыгын камсыздоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




