Айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырууга мүмкүнчүлүк жаралат

Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик аппараттын башкаруучусу Каныбек Туманбаев түз эфирде билдиргендей, айдоочулук күбөлүктөрдү (права) да паспорттор сыяктуу онлайн түрүндө алмаштырууга мүмкүнчүлүк болот.

«Кыргызстан толугу менен санариптештирүүгө өтөт. Анын ичинде “Унаа” да толугу менен электрондук форматка жана накталай эмес эсептешүүгө өтөт. Айдоочулук күбөлүктү үйдө отуруп эле алууга шарт түзүлөт. Программа даяр, азыр акыркы иштелмелер жүрүүдө, жакын арада анын презентациясы болот», — деди Туманбаев.

Анын айтымында, жакынкы убакта автоунааларды да «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн сатууга жана сатып алууга болот. Андан соң техникалык паспорт менен номурду гана бирдиктүү терезеден алып кетүү жетиштүү болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз