БШК Кудрет Тайчабаровду УКТга тиешеси бар делген негиз менен депутаттыкка талапкер катары каттаган жок

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 6-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №19 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Кудрет Тайчабаровду каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.

Маалым болгондой, Тайчабаров өзүн талапкер катары көрсөтүү тууралуу арызды 2025-жылдын 27-октябрында тапшырган. Анын документтери БШКнын талапкерлер жана партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин текшерүү боюнча Жумушчу тобунда каралган.

Жумушчу топтун жыйынында К.Тайчабаров катышып, угулган. Текшерүүнүн жыйынтыгында ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган мыйзамдык талаптарга ылайык келбейт деген тыянак чыгарылып, аны каттоодон баш тартуу сунушу киргизилген.

КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кудрет Тайчабаров 2021-жылы Бишкектеги “Blonder Pub” аттуу жайда уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары белгилүү Камчы Асанбек (Камчы Колбаев) менен бирге тартылган сүрөттө чын эле өзү экенин 2025-жылдын 4-ноябрында сурак берүү маалында ырастаган.

Ошондой эле ИИМ маалымкатында Тайчабаров Камчы Асанбек менен жакын байланышы бар болгондуктан, “уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар” адам катары ыкчам каттоого алынганы көрсөтүлгөн.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдар депутаттыкка талапкер катары каттала албайт.

Ушул мыйзамдын негизинде БШК Кудрет Тайчабаровду №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз