Алайдагы 10 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан кийин жер-жерлерде түшүндүрүү иштери күчөтүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

30-31-октябрь күндөрү Алайда жол кырсыгы катталып, 10 адамдын өмүрүн алды. Бул каргашадан кийин жол кайгуул кызматкерлери жол кырсгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөттү, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

«Алайдагы кырсыктан мурун деле, кийин деле күчөтүлгөн тартипте жол коопсуздугу боюнча рейддер жүрүп, түшүндүрүү иштери жүрдү. Азыр деле жүрүп жатат. Жер-жерлерге барып, эл менен жолугуп, мечиттерге барып, ал жерлерде жол коопсузду боюнча, кырсктарды алдын алуу боюнча байма-бай түшүндүрүү компанияларын өткөрүп турабыз. Андай иштер ар дайым уланат жана дагы деле жүрүүдө», - деди Ош облустук жол кыймылынын коопсудугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Замирбек Бакыев.

Ош облусу боюнча акыркы 10 айда 706 жол кырсыгы катталып, 98 адам адам каза болуп, 1 миң 177 адам жараат алган. 706 жол кырсыгынын ичинен 213 жол кырсыгы өспүрүмдөрдүн катышуусунда (балдар автоунаанын ичинде жүргүнчү катары болгон учурлар арбын) орун алып, 18 бала каза болуп, 241и жараат алган.

«Жол кырсыгын алдын алуу боюнча иштер күн сайын жүрүп жатат. Күн сайын инспекторлор план түзүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөргө тынымсыз жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн абайлап өтүшү керектиги боюнча эскертүүлөрдү берип жатабыз», - Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Эржигит Паизов.

 Ош шаары боюнча 10 айда 225 жол кырсыгы катталып, 10 адам каза болуп, 288 жаран жараат алган. 225 жол кырсыгынын ичинен 72 жол кырсыгы балдардын катышуусунда  болуп, 3 бала көз жумуп, 81и жараат алган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз