Газа секторунда дайынсыз жоголгондордун саны 9 миңден ашты

 

Газа секторунда дайынсыз жоголгондордун саны 9 миңден ашты. Бул тууралуу Газанын Саламаттык сактоо министрлигине таянып "Aljazeera.net" басылмасы жазды. 
 
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа секторунда  9 миңден ашык адам дайынсыз жоголгон. Алардын көбү аялдар жана балдар.  
 
Гуманитардык уюмдардын айтуусу боюнча алар кыйраган имараттардын алдында калышы мүмкүн же массалык көчүрүүлөр учурунда байланыш үзүлүп, үй-бүлөсүнөн ажырап кетиши мүмкүн жана жоголгондордун саны мындан да көп болушу ыктымал делет. 
 
Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматына ылайык, Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согуштан 69 миңден ашуун палестиналык курман болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз