Кыргызстандын Ош облусуна Ирандын Хорасан Резави облусунан делегация келди
Бүгүн, 11-ноябрда, Иран Ислам Республикасынын Хорасан-Резави облусунан расмий делегация Кыргызстандын Ош облусуна иш сапар менен келишти. Негизги максат – эки аймактын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналаары белгилүү болду.
Сапардын алкагында ирандык өкүлдөрдү Medimpex жана Kashgar Cotton Textile компанияларына барып, өндүрүш ишканаларынын иши менен тааныштырышты. Андан кийин Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймактык өкүлчүлүгүндө президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев менен расмий жолугушуу өттү.
Анда Жантаев конокторду жылуу тосуп алып, облустун өндүрүштүк дарамети тууралуу маалымат берди жана кыргыз-иран кызматташтыгын бекемдөөгө кызыктар экендигин билдирди.
Ал эми Ирандын Хорасан-Резави облусунун башчысы Гуламхусейн Музаффари өзү менен кошо Ирандан 45 бизнес өкүлүн ала келгенин, алар бул аймак менен соода-экономикалык кызматташууну дагы да тереңдетүүгө кызыктар экендиктерин белгиледи.
Андан соң тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес форум башталып, Музаффари менен Жантаев өз өлкөлөрүнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасашты. Форумдун соңунда Ош жана Хорасан-Резави облустарынын ортосунда кызматташуу боюнча жол картасы тууралуу документтерге кол коюлду.
Ошондой эле эки облустун соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө жана Everest Group компаниясы менен Хорасан-Резави облусунун Соода жана өнөр жай палатасынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Мындан тышкары, сапардын алкагында бизнес өкүлдөрү үчүн В2В форматындагы жолугушуулар да пландалган.
Ирандан келген делегация эртең, 12-ноябрда, 90 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Ош облусунун Араван районундагы улуттук маданият көргөзмөлөргө, андан сырткары, 9 өндүрүш ишканага капсула салуу жана 9 социалдык объекттин, логистикалык соода борборунун ачылыш аземине катышат. Бул иш-чарага Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышаары күтүлүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




