Ташиев: Эми мындан ары чек арада оор аскердик техникалар болбойт
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алай районундагы Карамык чек ара тозотунда чек арачыларга турак үйдүн ачкычтарын тапшыруу аземинде сүйлөп жатып мындай деди:
«Эми мындан ары Кыргызстан чек арасындагы оор курал-жарактарды таптакыр алып салат», — деди ал.
Анын айтымында, азыр мурдагыдай жер боюнча талаштар калган жок. Кыргызстан чек арасы тийиштүү коңшу мамлекеттер менен такталып бүткөнүн белгиледи.
«Эми талаштуу тилкелер жок. Мурун куралдуу кагылышууларга чейин жетчү. Чек араны, жерибизди коргоп жүрүп канча баатыр жоокерлерибиз курман болушту? Эми андай кагылышуулар болбойт деп ишенем, анткени талаштын өзү жоголду», — деди Ташиев.
Ошондой эле ал мындан ары ок атуучу куралды колдонуу жана анын саны боюнча эрежелер толугу менен кайрадан каралып жатканын билдирди.
«Чек арачылар эми оор куралдарды жана оор техниканы колдонушпайт. Мунун баары коңшу мамлекеттер менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлүүдө. Курал-жарак катары жеңил ок атуучу куралдар гана калат», — деди Ташиев.
Анын кошумчалаганына караганда, чек ара кызматын аткаруу да эми жеңилдетилген режимге өтөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




