БШК №17 округдан депутаттыкка талапкер Бообековду добуш сатып алганы үчүн жоопко тартууга макул болду
2025-жылдын 13-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Чүй облусунун ИИБ Башкы башкармалыгынын Тергөө кызматынын №17-аймактык округдан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичти кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу өтүнүчүн карады.
Жыйында БШК мүчөлөрүнө маалымдалгандай, 12-ноябрда Чүй облусунун ИИБ Башкы башкармалыгы Ички иштер министрлигинин атынан талапкерге карата кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тарабынан белгиленчү башка санкцияларды колдонууга макулдук берүү боюнча расмий өтүнүч жөнөткөн.
Маалым болгондой, Чүй облусунун ИИБ Тергөө кызматы 2025-жылдын 12-ноябрында Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүндө (добуш сатып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын алкагында кылмыш ишин козгогон.
Катта айтылгандай, тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө талапкер Бообеков Бахтиярдын добуш сатып алуу фактысына тиешеси бар экенин далилдеген талашсыз жана жетиштүү далилдер топтолгон.
БШК Чүй облусунун ИИБсынын өтүнүчүн канааттандырды.
№17-аймактык округдун чектери:
— Талас районунун Беш-Таш, Кара-Кол, Кен-Кол, Шумкар-Уя, Чоң-Алыш айылы аймактары толугу менен;
— Панфилов районунун Кайынды шаары, Курамин, Курпулдок, Фрунзе, Орто-Кайынды айылы аймактары толугу менен;
— Жайыл районунун Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак айылы аймактары;
— Кара-Балта шаары толугу менен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




