Президент УКМКнын Бишкек шаарындагы башкы имаратын ачты
Президент Садыр Жапаров 6-октябрда Бишкек шаарындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Башкы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы офицерлерге жана кадырлуу конокторго кайрылып, өлкөдө бардык тармактарга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, анын ичинде артыкчылыктуу багыттардын бири — улуттук коопсуздук маселелери экенин белгиледи.
Ал кайсы гана тармак болбосун, эң оболу анын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана кызматкерлер үчүн иш шарттарын жакшыртууга аракет көрүлөрүн айтты.
«Эгерде кызматкерлерге тийиштүү шарт түзүлбөсө жана мотивация берилбесе, андан жогорку натыйжа күтүүгө болбойт», — деди президент.
Ал акыркы 4–5 жыл ичинде өлкө боюнча УКМКнын аймактык башкармалыктарынын имараттары оңдолуп, көпчүлүгү кайрадан курулганын, материалдык-техникалык базасы жаңыртылганын кошумчалады.
Быйыл борбор калаада жаңы штаб-квартира курулуп, атайын кызматтын келечектеги кадрларын даярдоо үчүн заманбап шарттагы УКМК Академиясы негизделгенин да белгиледи.
Мамлекет башчысы бул башкармалыктын тарыхына да токтоло кетти:
«Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка жеткенден кийин, 1992-жылдын 22-октябрында Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын бөлүмү түзүлгөн.
2002-жылы улуттук коопсуздук түзүмүн оптималдаштыруу максатында бул бөлүм эки өз алдынча түзүмгө — Чүй облусу боюнча башкармалыкка жана Бишкек шаары боюнча шаардык бөлүмгө бөлүнгөн.
Кийинки оптималдаштыруу этабында, 2005-жылы шаардык бөлүм Бишкек шаары боюнча башкармалыкка айланган.
Борбордун өсүшүнө, калктын санынын көбөйүшүнө жана оперативдик кырдаалдын татаалдашына байланыштуу, 2014-жылы ал Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалык болуп кайра уюштурулган.
Бирок бул түзүмдөр өзгөргөнү менен, Башкы башкармалыктын өз имараты узак убакыт бою болгон эмес. Кызматкерлер башка мекемелердин имараттарында орун алып иштөөгө мажбур болушкан.
2014-жылга чейин бишкектик чекисттер болгону 40 чарчы метр аянттагы кичинекей имаратта иштеп келишкен. 2014-жылы өздөрүнүн имараты берилгенден кийин да, ал жердеги шарт толук кандуу иштөөгө ылайыктуу эмес болчу.
Бир гана 2024-жылы Комитеттин жетекчилигинин демилгеси менен жаңы имараттын курулушу башталган. Бүгүн ошол жаңы имарат расмий түрдө ачылууда.
Эми Башкы башкармалык 5000 чарчы метр аянттагы заманбап имаратта жайгашты. Бул жерде бардык зарыл шарттар түзүлгөн: жабдылган жумушчу кабинеттер, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу бөлмөлөр, спорт комплекси, ашкана жана башка заманбап шарттар бар».
Президент мындай деди:
«Бүгүнкү заманда коркунучтардын чеги улам бүдөмүк болуп бара жаткан шартта улуттук коопсуздук органдары салттуу ыкмаларды гана сактап калбастан, жаңы ыкмаларды жана иш формаларын өздөштүрүүгө тийиш.
Сырттан келген коркунучтарга каршы туруу менен катар, бүгүн алар өлкөнүн маалымат мейкиндигин коргоо, жат идеологиянын жайылышына бөгөт коюу, улуттук коопсуздукка жана мамлекеттик туруктуулукка зыян келтириши мүмкүн болгон ар кандай провокациялык аракеттердин алдын алуу милдеттерин да аткарышат».
Садыр Жапаров жаңы имараттын лентасын символдук түрдө кесип ачты.
Андан соң ал жаңы административдик имараттын инфраструктурасы менен таанышып, жумушчу кабинеттерди, административдик жана конференц-залдарды, спорт залдарды, ошондой эле казарма менен ашкананы көрүп чыкты.
Мындан тышкары, президент башкармалык аймагына дарак отургузду.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.