«Бөрк ал десе — баш алгандай» ашкере аткарып жиберипсиңер»: Прездиент Ош менен Бишкектин мэрлерине кайрылды
Электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын камсыздоо максатында тапшырма берсек, силер аны «бөрк ал десе — баш алгандай» ашкере аткарып жиберипсиңер, деп жазды президент Садыр Жапаров «Фейсбук» баракчасында.
Өлкө башчы элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөө боюнча тапшырма бергенин билдирди.
«Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер!
Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды!
Электр энергиясын үнөмдөөнү - биринчи кезекте «ЭМНЕ, МАМЛЕКЕТ ТӨЛӨЙТ ДА» деген кайдыгер жеткечилерди, түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарын катуу көзөмөлдөгүлө.
Ал эми тынч иштеп жаткан кичи жайларга барып, алардын тынчын алчу болбогула!», - деп жазган президент.
Буга чейин Ош жана Бишкек шаарларында рейд жүрүп, кафе-ресторандар, оюн зоок жайлар, элге кызмат көрсөтүүчү ишканалар, компьютердик клубдар түнкү саат 22:00дөн жабылыш керектиги айтылып, рейд жүргөн.
Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев тишелүү жетекчилер менен рейд куруп, айрым оюн зоок жайларда отурган адамдарды сыртка чыгышы керектигин айтып, мындан ары аталган жайлар иштебестигин билдирген.
"Бир нече ресторан-кафелер 1 айга жабылат", - деген мэр.
Анын алдында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик органдардын жана ишканалардын жетекчилерин электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган.
Анын айтымында, токтомго ылайык, кечки саат 22:00дөн кийин бардык той, оюн-зоок иш-чаралары, түнкү клуб, кафе-ресторандар ишин токтотушу керек. Анткени, элге саат 22:00дөн 07:00гө чейин тынчтык шарттары камсыздалууга тийиш экени эскертилген.
Камчыбек Ташиев токтомду шаар мэрлери, акимдер, губернаторлор жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү аткарышы керек экенин белгилеген.
"Токтомдо алардын милдеттери экени жазылган болчу. Мен аларга сөзүм менен дагы тапшырма берип кетейин. Урматтуу жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери! Бүгүн, 13-ноябрдан баштап өлкөнүн бардык аймагында кечки саат 10дон кийин той, оюн-зооктор болбошу керек, кафе-ресторандар ишин токтотушу зарыл. Эгер тартипке баш ийбесе, электр жарыгын өчүрүп койгула",- деген ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



