Кыргызстандын Коргоо министрлиги аскердик жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады
Кыргызстандын Коргоо министрлиги ички кызмат, гарнизондук жана караул кызматтарынын уставдарына, ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн Дисциплинардык уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документтин негизги максаты – заманбап шарттарды эске алуу менен аскер кызматчыларын бирдиктүү талаптарга алып келүү, алардын укук-милдеттерин тактоо.
Мыйзам долбоору Куралдуу күчтөрдүн бардык категориядагы аскер кызматчылары, башка аскер түзүмдөрү жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдар үчүн талаптарды бирдикке келтирүүгө багытталган. Өзгөртүүлөр 2024-жылдын 16-март жана 4-апрелиндеги президенттик администрациянын тапшырмаларын аткаруу максатында иштелип чыккан.
Ички кызмат уставы
Согуштук желектер жана салттар
Согуштук салттарды сактоо үчүн ордендерди жана ардак наамдарды башка аскер бөлүктөрүнө өткөрүп берүү тартиби аныкталды.
Жаңы үлгүгө туура келбеген согуштук желектерди оңдоо жана алмаштыруу эрежелери такталды.
Аскер кызматчылары үчүн жаңы эрежелер
Мамлекеттик гимн аткарылган учурда, сапта жана имарат ичинде кандай аракеттер жасалары толук такталды.
Аскерлерге кайсы учурларда сакал коюуга уруксат берилери көрсөтүлдү.
Аскердик кызматтагы коопсуздук
Аскерлердин өлүмүн, жаракат алуусун жана оорулардын көбөйүшүн алдын алуу боюнча жаңы бөлүм киргизилди.
Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын милдеттери аныкталды.
Мамлекеттик символдор
Мамлекеттик желекти көтөрүү жана түшүрүү, аны сактоо, колдонуу жана аскердик каада-салттарда пайдалануу тартиби тиркеме катары кошулду.
Терминологияны жаңыртуу
1998-жылы мамлекеттик тилде кабыл алынган уставдын тексти кайра каралып чыгат. Бул убакыт ичинде аскердик терминдер, буйруктар жана командалар такталып, атайын аскердик сөздүктөр түзүлгөн.
Жаңы редакция заманбап талаптарга жана кыргыз элинин аскердик тарыхына шайкеш келет.
Гарнизондук жана караул кызматтарынын уставы
Каржылык кызмат
Гарнизондун каржылык кызмат башчысы деген кызмат жоюлууда, анткени ал ар кандай мамлекеттик органдардын каражатын башкара албайт.
Патрулдук кызмат
Патрул начальнигинин тартип бузган жогорку чиндүү кызматчыларга карата аракеттери так көрсөтүлдү.
Дрондордон коргонуу
Караулдар пилотсуз учуучу аппараттарды (БПЛА) аныктоо жана аларга каршы аракеттенүү каражаттары менен камсыздалат.
Караулдардын жүрүү убактысы
Калктын, транспорттун көбөйүшүнө жана жол тыгындарына байланыштуу караулдардын кызмат өтөө жерине жетүү убакыты бир саатка узартылды.
Авиатехниканы коргоо
Аскердеги учактар жана аскердик авиация көбөйгөнүнө байланыштуу учактарды, согуштук комплекстерди жана аэродром объектилерин кайтарган жаңы караул кызматтары киргизилди.
Ритуалдар жана жерге берүү
Эстелик ачуу аземинин тартиби улуттук өзгөчөлүктөрдү, салт-санаа жана диний ишенимдерди эске алуу менен өзгөртүлдү.
Жерге берүүдө ардактуу эскорт берилүүчү адамдардын тизмеси жаңыртылды: аскер кызматчылары, жыйында каза болгон аскерге милдеттүүлөр, форма кийүүгө укугу бар отставкадагы жогорку жана улук офицерлер, согуштун катышуучулары, жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээлери.
Жерге берүү ритуалынан оркестрдүү музыка коштоо бөлүгү алынды.
Дисциплинардык устав
Мамлекеттик сырлар
«Аскердик жана мамлекеттик жашыруун маалымат» деген түшүнүк мыйзамга ылайык «мамлекеттик сырлар» деген түшүнүккө алмаштырылды.
Сыйлыктар
Аскер кызматчыларын ведомстволук сыйлыктар жана төш белгилер менен сыйлоо тартиби жаңыртылды.
Жазуу түрүндөгү түшүндүрмө
Тартип бузуу болгондо, аскер кызматчыдан жазуу жүзүндө түшүндүрмө талап кылынат. Бул кийин чечимди даттанууга мүмкүнчүлүк берет.
Сотко кайрылуу мөөнөттөрү
Кызматтан бошотуу же башка буйруктар боюнча сотко даттануунун атайын мөөнөттөрү белгиленди.
Камакка алуу нормасы жокко чыгарылды
Мас абалдагы аскер кызматчысын гауптвахтага же убактылуу кармоочу жайга киргизүү жөнүндө норма чыгарылды. Анткени эркинен ажыратуу соттун чечими менен гана мүмкүн.
Арыздарды кароо мөөнөттөрү
Аскерлердин сунуштары жана арыз-даттануулары «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамга ылайык жаңыртылган мөөнөттөрдө каралат.
Коргоо министрлиги бул мыйзам долбоору аскердик кызматты мыйзам талаптарына шайкеш келтирип, уставдардагы нормаларды бирдиктүү түшүнүүгө жардам берет деп эсептейт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




