Садыр Жапаров жаңы президенттик штандартты бекитти

Президент Садыр Жапаров кол койгон жаңы жарлык менен мамлекет башчысынын штандартынын статусу жана аны колдонуу тартиби такталды.

Жарлыкка ылайык, штандарт — мамлекет башчысынын өзгөчө белгиси жана президенттик бийликтин символу болуп саналат. Ал президентке кызматка расмий киришүү учурунда тапшырылат.

Штандарттын түп нускасы президенттин борбор калаадагы резиденциясында, анын иш бөлмөсүндө сакталып турат. Дубликаттары — президент резиденцияда болгондо ошол имараттарга, ошондой эле анын транспорттук каражаттарына мамлекеттик желек менен кошо орнотулат. Президент катышкан расмий салтанаттарда да дубликатты пайдаланууга уруксат берилет.

Мамлекеттик мүлк башкармалыгына штандарттын түп нускасын, анын дубликаттарын жана древкасын (таягын) даярдоону камсыз кылуу тапшырылды.

Муну менен 2010-жылдын 1-июлундагы Убактылуу өкмөттүн «КР президентин өзгөчө белгилери жөнүндө» декрети күчүн жоготту деп табылды.

Президенттин штандартынын техникалык спецификациясы

1. Президенттин штандартынын техникалык сүрөттөлүшү

Президенттин штандарты — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин түсүндөгү кызыл түстүү полотнище. Анын четтери 50 мм туурасындагы алтын түстүү тасма менен капталат жана алтын түстүү чачактар менен кооздолот. Полотнищенин туурасы анын узундугунун үчтөн беш бөлүгүнө тең.

Так ортосунда — диаметри полотнище туурасынын үчтөн беш бөлүгүнө барабар алтын түстүү тегерек жайгашкан.

Ал тегеректин борборунда мамлекеттик гербдин стилинде берилген сүрөт турат: ак шумкар канатын жайып учкан абалда, анын артында — көл, Ала-Тоонун чыгышкан тоолору жана алтын нурлуу күн.

Тегеректин жээги боюнча алтын түстүү тамгалар менен «Кыргыз Республикасынын президенти» деген жазуу түшүрүлгөн. Тамгалардын бийиктиги тегеректин диаметринин жети бөлүгүнүн бир бөлүгүнө барабар.

Древкеге (таяктын өзөгүнө) президенттин фамилиясы, аты-жөнү жана анын шайланган жылы кыргыз тилинде чегилген күмүш скоба бекитилет.

Штандарт түзүлүшү, түсү жана схема жөнүндөгү бардык талаптар Спецификациянын 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн эталонго дал келиши керек.

2. Президенттин штандартынын чокусунун техникалык сүрөттөлүшү

Штандарттынчокусу — штандарттын таягынын учуна коюлган алтын түстөгү металлдан жасалган өзгөчө белгилүү бөлүк. Ал төмөнкү элементтерден турат:

Байыркы кыргыздардын негизги тамгасы;

Опора (таяныч);

Жер шары;

Ак шумкар — канатын жайган ак шумкар;

Булар баары чокусу найза сымал болуп бүткөн пиканын ичине бир бүтүн композиция катары жайгаштырылат.

Штандарттын чокусунун стандарттуу өлчөмдөрү:
бийиктиги — 0,3221 м,
туурасы — 0,18 м.

Ал таякка атайын втулка аркылуу бекитилет.

Тарыхый булактарда белгиленгендей, кыргыздар кайсы бир бумдун чокусун кымбат баалуу металлдардан жасашкан. «Манас» эпосунда:
«Ал кызыл желек алтын ай,
Үнү катуу, күркүрөй»
деп сүрөттөлгөн. Согуш маалында ал найза катары колдонулган, тынч күндө болсо даңкты, бийиктикти жана чеберчиликти билдирген.

Тамга — байыркы кыргыздардын негизги символу, ал эгемендүүлүктү, күч-кубатты, тең салмактуулукту жана адилеттүүлүктү даңазалайт.

Жер шары — тынчтыктын жана меймандостуктун белгиси, жалпы адамзаттын милдеттүү мекени.

Опора (таяныч) — «Манас» эпосунда Манасты сүрөттөгөндө:
«Асман менен жердин таянычындан жаралган,
Күн менен айдын жарыгынан жасалган»
деген саптар бар. Байыркы кыргыздар байлыгына, жоопкерчилигине жараша өзүн элдин таянычы деп аташкан. Чокусу дал ушул опоранын үстүндө тамга, жер шары жана Ак шумкар турат.

Ак шумкар — эркиндиктин, ак ниеттүүлүктүн, адилеттүүлүктүн, тазалыктын, тайманбастыктын жана берилгендиктин символу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз