УКМК Ысык-Көл облусунун тургунунун Каракол шаарындагы мектептердин биринде системалуу түрдө сабалып жатканы тууралуу арызына жооп берди
Социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун Пристань-Пржевальск айылынын тургуну Мария Цареванын кайрылуусу кеңири тарады. Ал №7 мектептеги кырдаал боюнча УКМК төрагасына даттанган.
Цареванын айтымында, ал бул мектептеги 9-«А» классынын ата-энелер комитетинин мүчөсү. Анын айтуусунда, бир нече улуураак класстардын окуучулары кичүү класстардын балдарын системалуу түрдө сабап, ар жума сайын 100 сомдон акча талап кылып келишкен. Жабыркагандардын арасында анын уулу да бар. Ушундан улам ал УКМКга, Башкы прокуратурага жана Акыйкатчы институтуна кайрылган.
Ошондой эле аял УКМК төрагасынан бул ишке кийлигишип, алардын маселесин адилеттүү карап берүүнү суранган.
Кийин Цареванын жаңы кайрылуусу жарык көрдү. Анда ал 15-ноябрда Ысык-Көл облусунун УКМКсы аны менен байланышканын айткан.
«Алар ишти алып кетишти жана милиция менен бирге өздөрү иликтеп жатышат», — деди Царева.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



