Шайлоо: Бүгүн жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүүнүн акыркы күнү

Бүгүн — жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшере ала турган акыркы күн. Текшерүү «Тизме» онлайн-порталы аркылуу жүргүзүлөт. Шайлоо укугуна 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары ээ.

Эгер маалыматтарында ката же так эместиктер аныкталса, шайлоочу авторизациядан өткөндөн кийин «Шайлоочунун кабинети» аркылуу электрондук кайрылуу жөнөтө алат. Бул аркылуу керектүү өзгөртүүлөрдү өз убагында киргизүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

30-ноябрда өтө турган Жогорку Кенештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого Бишкек жана анын айланасында көбүрөөк жайгашкан жалпы 2513 шайлоо участогу ачылды.

Бул жолу шайлоо жаңы система менен өтөт. 30 округдан 90 депутат — ар бир округдан үчтөн — шайланат. Ошол эле учурда бир эле жыныстагы талапкерлердин баары жеңип чыгышына жол берилбейт.

Чет өлкөдө жашаган жарандар үчүн да добуш berүүгө шарттар түзүлгөн. 34 өлкөнүн 89 шаарында 100 чет өлкөдөгү шайлоо участогу иштейт. Бул участоктордун даректери берилген шилтеме аркылуу жеткиликтүү.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандары консулдук каттоого туруусуна карабастан, каалаган чет өлкөдөгү шайлоо участогунда добуш бере алышат. Ал үчүн Кыргызстандагы жашаган жер боюнча каттоосу болушу, биометриялык маалыматтары тапшырылганы жана 18 жашка толгондугу талап кылынат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз