АСАНБЕК КАРАКОЗУЕВ: “ГЕЗИТТИ КОНВЕРГЕНТТИК РЕДАКЦИЯГА АЙЛАНДЫРГЫМ КЕЛЕТ
"Ош жаңырыгы" гезитинин башкы редактору Асанбек Каракозуев versia.kg сайтына маек курду. Аталган порталдагы маекти өзгөртүүсүз сунуштайбыз.
Өкмөт областтык гезиттерди чарбалык эсепке өткөрүп, өз жолуна салгандан бери бир жарым жылдан өтүп барат. Ансыз да бюджеттен каржыланганына карабастан араң жан багып келген гезиттердин акыбалы жакшы болбоду, бир катар областтарда гезиттер чыгышын токтотту. Айрымдары чыгып жатканы менен санариптик чыйыр сала албай, жаңыча иштегенге өтө албай турушат.
Ал эми Ош областтык “Ош жаңырыгы” гезити чыгышын токтоткон жок, эмгек жамааты гезиттин веб-сайтын иштеп чыгып, активдүү иштеп жаткан кербези. Азыркы тапта областтык гезиттин акыбалы кандай? Веб-сайтты иштетүүнүн кандай артыкчылыктары бар? Кандай кыйынчылыктарды баштап өткөрүп жатышат? Келечектен үмүт барбы? Мына ушуларды билүү максатында гезиттин башкы редактору Каракозуев Асанбек Курманбековичке бир катары суроолорду узаттык.
— Өкмөт областтык гезиттерди чарбалык эсепке өткөрүү чечимин кабыл алгандан бери айрым областтык гезиттер чыгуусун токтотту. Баякы эле каржынын жетишсиздигинин кесепетинен. Силерде абал кандай болуп жатат? Гезиттин чыгышын мындан ары да камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү барбы?
— Ооба, чарбалык эсепке өткөндөн кийин “чү” дегенде эле облустук айрым гезиттер мүдүрүлдү да, оңко-баш атып барып, ошондон ары оңбой калды. Алар антип барып жабылды да, түбөлүккө жоюлду. Калганыбыз сормого түшкөн кийиктей же өлүп калбай же тирилип кетпеген абалга кабылдык. Азыр илгеркидей гезит окуган адам аз болгондуктан, жазылуу, гезит менен кызматташуу деген да дээрлик азайганы айтпаса деле белгилүү эмеспи. Он-лайн турмуш менен визуалдык жашоо келгенден бери, басма сөздүн басыгы пасаңдап, айрыкча облустук гезиттерге кыйын эле болду. Албетте бул баягы эле каржынын кесепетинен.
Бирок, бирок, элдин баары он-лайн болгонуна, жазылуу начардыгына, каржы жок болуп, чарбалык эсепке өткөнүбүзгө карабай, жазма иши, басма жумушу калып калбасын, эртеңки жаш муун үчүн жазмакерлер жашап турсун деп жан талашып иштеп жатабыз. Акча таап, гезитти чыгарып, кызматкерлерибизге аз болсо да айлык берип атабыз. Эптеп жеткен эчки туяк айлыгыбызга канимет кылып, ушуга топук кылып турабыз. Ошондой онтоткон иште да, он-лайн тармагыбызды алгалатканга аракет кылып атабыз. Ошол, Жалил аке. Биздин турмуш ушундай. Абалыбызды сураганыңызда асманым ачылып, күн тийгендей болду. Азыр биздин акыбалдан кабар алган адамды ай менен теңегибиз келип турат. Облустук гезиттер азыр эң оор турмушту башынан өткөрүп жатканда кабар алган адамга арманыңды айрандай төгүп берип, буулуккан желиңди чыгарганда жеңилдей түшөт экенсиң.
— Дүйнөлүк масштабда алганда да гезиттердин нускасы азайып жатканы айтылууда, бирок өнүккөн коомдордо гезиттер чыгып, кадимкисиндей эле иштеп атышат. Бизде гезиттердин жок болуп баратканынын терең себептери кайсылар? Муну болтурбай койсо болот беле?
— Биз мактанчаак элбиз десем, кошулсаңыз керек. Мактанган эл китеп окуйт эле да, жок дегенде гезит окуйт болчу. Бирок биз экөөн тең кылбайт экенбиз. Муну эмнеге айтып атам? Мурда теледе, радиодо, он-лайн тармактарда иштеп жүрүп, кийин гезитте иштеп жатканымы билген тааныштарым менден таң калып сурап калышат: “Азыр адамдар гезит окуйт бекен?”, — депчи. Аларга мен жооп берем: “Мурда деле окубайт экен эле, окутушчу экен, азыр да ошондой”, — депчи. Мунун чындыгы бар. Анткени журналистика деген маалымат таратуу, болгондо да элге калыс маалымат таратуу дегенди эле билдирет да, жалпылап алгандачы. А маалыматты калыс таратуу үчүн экономикалык эркиндик керек. Ага жетиш үчүн карапайым окурмандардын колдоосу зарыл. А гезитке жазылып, журналисттерге колдоо көрсөтпөсө, кайдагы журналистика? Анан гезиттерге мажбурлап жаздырышат да, мындай ыкма илгертен боло келген, азыр да болуп атат. Ошого айттым да, “эл гезит окубайт экен, окутат экен”, — деп. Биздеги гезиттердин саны ошентип азайган. Бул бир жагы деңиз.
Анын экинчи жагы башкада. Гезиттердин нускасы азайып жатканы тууралуу маселени сурооңузда айтып атпайсызбы, анын да эки жагы бар деп ойлойм. Анын биринчиси: ачык коомдордо гезиттер мамлекетке көз каранды болбой, эркин иштешүүдө, аларды окурмандар колдоп атышат. Жазылып. Буга мисалдар толтура. Британиядагы эркин гезиттердин бири — “Metroну” алалы, ал 2025-жылдын февралындагы маалыматта айтылгандай, күн сайын 951 миңден ашуун нускада таркатылыптыр. Ал эми Лондондо бизнеске адистешкен “City A.M.” гезити күн сайын орточо 67 миң тираж менен окурмандарга жетип аткан экен. Андан сырткары, 2009-жылы толук эркин форматка өткөн “London Evening Standard” гезити ошол учурда 600 миң нускада чыгарылып турган. Бул деген окурмандардын колдоосу эмей эмне?
Ал эми экинчиси: мамлекеттик каржылоодогу гезиттер. Мындай үлгүдөгү гезиттердин төл башында Кытай коммунисттик партиясынын расмий органы жана өлкөдөгү эң ири партиялык гезиттердин бири болгон “Жэньминь Жибао” күн сайын болжол менен 2,3 миллиондон — 3,0 миллион нускага чейин таратылат экен.
Мамлекет каржылаган гезиттер азыр постсоветтик өлкөлөрдөн көпчүлүгүндө бар. Өткөн айда Астана менен Алматада “Борбор Азия – Кытай” деген эл аралык медиа форумга катышып келдим. Анда Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан жана Кытайдын журналисттери катышты. Алардын көпчүлүгү гезиттердин өкүлдөрү болгондуктан, коңшу мамлекеттердеги облустук гезиттердин башкы редакторлору менен сүйлөшсөм, баары эле мамлекеттен каржыланышат экен.
Азыр Кыргызстан мамлекеттик бир да гезитти каржылабай койду. Райондук гезиттер качан эле бөлүнгөн, алардын айрымдары жоюлган менен айрымдары иштеп жатышат, аларга айрым райондук администрациялар катуу жардам берип атышат. Ал эми облустук редакциялардын жеке чарбалык эсепке өткөнүнө 1,5 жылдан ашты. Республикалык гезиттер да мамлекеттин “акырынан жем жебейбиз” дешет, бирок аларга кандайдыр бир колдоо болуп атабы, аны мен так билбейт экемин.
Демек, сурооңуздун түпкүрүнө жооп бергенге аракет кылайын: азыр гезиттердин жок болуп баратканынын эки себебин айтса болот. Биринчи фоктору: интернеттин күчөшү, экинчиси: мурда эле болуп келген гезит окубагандык көйгөйү. Бул уланып келатат. Анан мактанып отура беребиз: “биз улуу элбиз”, – деп коюп. Кычыгандар сурашы мүмкүн, “гезит окуса эле кыйын болуп кетет бекен?”, – деп. Мен ушуга да жообум бар. Адам дайым окуп турбаса, маалыматтардан артта калат, анан түркөй болот. Баланы мектеп окутса, студентти университет окутат. Анан ал чоңоюп кеткенде эч ким окутпай калып атпайбы, элди окуткан кайсы институт бар? Билгени деле, билбегени деле сүйлөп, көп учурда ээн ооз болуп алышты. Ушуларды гезит окутмак да. Гезит тарбиялап, гезит коомду баштамак.
— Силер гезиттин веб-сайтын жасап, иштетип жатасыңар. Бул силер тараптан жакшы саамалык болду. Албетте, веб-сайт тууралуу суроолор көп, эң башкысы – ал гезиттин жашап кетишине жардам бере алабы? Же тескерисинчеби?
— Биздин веб-сайт гезиттин жашап кетишине азыр жардам бере албайт. Ал үчүн дагы көп эмгек кылыш керек. Азыр сайттын жашап кетиши үчүн гезит жардам берип атат. Убагы келгенде тескери болушу толук ыктымал, ага жетишебиз деп ишенем.
Азыркы заманда сайт, соцтармактардагы баракчалар сөзсүз болуш керек. Өзүн сыйлаган ар бир ишкананын расмий сайты, баракчалары болуш керек. Анткени заман ошону талап кылып атат. Мисалы гезит менен эле отура берсең, аның жумасына бир жолу чыкса, чукул маалыматтарды кайдан таратасың? Ансыз деле коомчулук гезиттерге – маалыматтар эскиргенде келет деп доомат коюшат. Андай учурда интернетиң иштеш керек. Биздин фейсбуктагы баракчабыз бир жумада 30 миң адамды камтып атат. Эки миң тираж менен чыккан гезиттин материалы менен бир жумада 30 миңдик окурманды салыштырып көрүңүз. А соцбаракчабыздагы мындай аракет – талыкпай ишегендин аркасы менен болуп атат. Бирок мен айтам, гезиттин орду башка деп. Анын кадыры бийикте. Аны жакындан түшүнүш керек.
— Силердин оюңарча, интернет-гезиттерди өнүктүрүү, аны коомдук өнүгүүгө карата натыйжалуу иштетүү зарылдыгы канчалык? Же жаңылыктар жана аналитикалык сайттардын иштеп жатканы жетиштүүбү? Интернет-гезиттердин орду жана ролу кандай?
— Салмактуу макалалар менен аналитикаларды, калыс маалыматтарды, маанилүү маектерди, дегеле журналистикага таандык жанрдагы медиа-контенттерди таратууда кандай гана ыкма болбосун баары жакшы. Баарын колдону керек. Бирок, андай материалдарды ким даярдайт жана даярдаган адамга канча акы төлөнөт? Маселе ушуда. Көптөрдүн бекер иштегиси келбейт, а журналистке акы төлөш үчүн редакция тыйын табыш керек. Демек, жөн гезитпи, интернет-гезитпи же сайтпы, соцтармакпы, кандай гана редакция болбосун ак эмгегин таза акчага сатып, ал акча алып келсе, кимиси болбосун иштей берсин. Сиз айтып жаткан интернет-гезит тыйын алып келсе, ага ак жол! А акча алып келбесе, акча алып келгенге жеткирбесе, канча аракет кылса да бекер.
Мисалы биздин гезит акча алып келет. А сайтыбыз менен соцтармагыбыз гезиттин тапкан акчасы менен жашап жатат. Жыйынтыктап айтканда, эгер миңдеген адамды жаздырып, интернет-гезит чыгарып сатса, жакшы эле болот. Анда типографияга, транспортировакага, почтага төлөбөйсүң, арзан болмок.
— Сайтты иштетүүнүн кандай артыкчылыктарын көрүп жатасыңар? Буга чейинки жана утурумдук кандай кыйынчылыктар болду жана болууда? Маалымат таркатуунун заманбап усулу катары сайттар биздин шартыбызда өзүн актап иштөөгө жөндөмдүүбү? Аймактардын шартында сайттардын натыйжалуулугу канчалык?
— Сайтты иштетүүнүн эң артыкчылыктуу жагы – бул гезиттин санарип варианты десек болот. Анткени, гезиттер да архивде ондогон жылдар, керек болсо жүздөгөн жылдар бою сакталып тура бергендей, сайттардагы маалыматтар интернеттин ар кандай серверлеринде сакталып тура берет. Мейли 50 жыл болсун, мейли жүз жыл. Канча убакыт болсо да сакталып тура берет. Анан калса сайттар кыргыз коомчулугунда акыркы 20 жылдагы маалымат алуунун универсалдуу аймагы болгон болсо, бүгүн деле ошондой. Бүгүн деле кээси соцтармактар аркылуу сайттарга кирип, маалымат окушат. Кээси сайтка түз кирип окушат. Мурда «Асаба», «Агым» деген гезиттерди, азыр АКШдагы «Нью-Йорк таймс», «Вашингтон пост», Европадагы «Гардиан» гезиттерин кандай кууп, талап окуса, сайттарга ошондой талап күч. Сайт – гезит болобу, журнал болобу, кайсы бир ишкана, муниципалдык мекеме болбосун, анын санариптик форматы десек жаңылыштык болбос.
Сайттардагы утурумдук маселелер – сервер маселеси. Анан калса сайттын дизайнын, техникалык маселелерин карап турган программисттердин жетишсиздиги, жетиштүү болгон чакта да, кымбат кызмат көрсөтүүсү аймактагы сайттардын иштөөсүндөгү күнүмдүк–утурумдук көйгөйлөрдүн бири боюнча калууда.
«Аймактарда сайттын натыйжалуулугу жок» дешет. Анткени, борбордогу «АКИпресс», «Кактус», «Азаттык», «Супер», «Турмуш» сыяктуу редакциясында көп кабарчы иштеген сайттар менен атаандаштыкка чыгып, алардын жакшыраак, уникалдуу контент даярдабаса, сайтты иштетип, каржылоо «кызылдай эле чыгым». Бул ойго кошулса болот. Бир адам бир сайтты жалаң бир гана тармакта, маселен, көңүл ачуучу – шоу-бизнес тууралуу жазып популярдуулукка жеткирсе болот. Бирок, бүгүнкүдөй өлкөдөгү, дүйнөдөгү жаңылыктарды тынымсыз жазып туруу, 24 саат бою сайтка маалымат жайгаштырып туруу абдан чоң ресурсту, эмгекти, жумушчу күчүн талап кылат. Андыктан, аймактарда сайттар кайсыл бир мекеменин максаты үчүн эле пайдаланылып жатат. Деген менен, колдой турган ресурсу болсо, борбордук сайттар менен атаандаштык жаратууга толук мүмкүн. Бирок, тилекке каршы, азыркы учурда аймактарда ресурс да жок.
— Албетте, ар кандай медиа-инфраструктура контент жасай ала турган адистерге муктаж болот. Бул жагынан силерде абал кандай? Маселен, гезитке жаза билгендер сайтка жаза алышпайт, же тескерисинче. Жаш күчтөрдү тартуунун жолу көрүнөбү? Сайт аркылуу контент таркатуу жагынан кызыккан, ийгилик жараткысы келгендер табылдыбы?
— Туура, жаш күчтөрдү тартуу кыйынга турат. Бирок мен редакцияга келгенде он-лайн тармакты иштетиш үчүн коллега инилеримден жардам алдым. Ошолорго рахмат, кыпындай тыйынга болсо да, ага-инилик мамиле менен интернетибизди алга жылдырып, жардам берип келатышат.
Ал эми гезитке толук келип иштөөгө айрым жаштарды кызыктыра албай койдум. Анткени баягы эле акча маселесине келип такалат экен. Эмнени кандай кылып жиберишке көзүң жетип турат, бирок каражат аз болсо, карайлап калат экенсиң.
Учурда өлкө боюнча ЖМК тармактары кризиске кептелип баратат. Эгер мындай көрүнүш мындан ары улана берсе, кадрлар жумушсуз кала баштайт. Анан редакциялар кичине ирденип же каржылык колдоо таба турган болсо, жаштар ошондо гезиттерге, алардын сайттарына келет болуш керек деп ойлойм.
— Сайт аркылуу маалымат таркатуунун аздыр-көптүр тажрыйбасын алдыңар. Анализдерди, андан улам алдыга өнүгүү концепцияларын жасап да чыксаңар керек. Эми алдыда кандай максаттарды коюп жатасыңар? Коомдун өзгөрүшү маалымат таркатуунун сапатына байланыштуу экенин эске алсак, маалымат таркатуунун өзүндө сапаттык өзгөрүү жасай алабызбы? Бул, албетте, аймактык медиадан туруп көз чаптырганда.
— Аймактык медиалар илгертеден эле улуттук же дүйнөлүк маалымат каражаттарынын биринчи маалымат булагы болуп келген. Көп учурда биринчи аймактык ЖМКлар жарыялайт, бирок аудиториясы аз болгондуктан андан ары жеткире албай калат. Жарыяланган маалыматты тиги “киттер ап этип”, көпчүлүккө жеткирет. Муну көп жолу баштан өткөрбөдүкпү. Эмне болгондо да, аймактык медиалар баары бир күчтүү болгонго аракет кылыш керек.
Алдыдагы максаттар көп, Жалил аке. Жогоруда айткандай, көз жеткен менен каражат жетпей атат. Келечекте ушул эле гезитти конвергенттик редакцияга айландыргым келет. Беш платформада бирдей иштей ала турган универсалдуу журналисттерди тартып, аймактык медиа кандай иштей турганды көрсөтүп койгум келет. Гезитке салмактуу материалдарды чыгарып, аны ачкан адам отчётторду эмес, чыныгы журналистикалык материалдарды окуп, андан билим ала тургандай, эс ала тургандай, моокуму кана тургандай контенттерди чыгарсак дейм. Ага жеткириш үчүн күнү-түнү талбай иштеп, изденип, таланттуу жаш журналисттерди таптап, чыгармачылыгын иштетип, аларга мүмкүнчүлүк бериш керек. Ошентип коомго сапаттуу маалымат берсек, өзүңүз айткандай, коомдун дагы да өзгөрүшүнө салым кошот элек.
Жалил САПАРОВ, журналист.
versia.kg сайтынын негиздөөчүсү
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.