Ошто Сулайман-Тоонун буфердик аймагын кыскартуу боюнча жумушчу топ иштеп баштады

Ош шаарында Сулайман-Тоонун буфердик аймагын кыскартуу боюнча маселе жаралып, 18-ноябрь күнү Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин адистери, министрдин орун басары, Ош шаардык мэриясынын жетекчилиги, «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей комплексинин адистери, шаардык архитектуранын кызматкерлери болуп буфердик аймакты кичирейтүү боюнча талкуу болду, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Сулайман-Тоонун айланасын жана буфердик аймагын кыдырып чыккан жумушчу топ, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жолугуп, бул маселени талкуулашкан.

Жергиликтүү бийликтин расмий маалыматына караганда, Жеңишбек Токторбаев тиешелүү жумушчу топтун мүчөлөрү менен Сулайман-Тоонун буфердик зонасын жеринен карап чыкты. 

« “Сулайман-Тоо ыйык тоо” буфердик зонасынын чек араларын оптималдаштыруу боюнча сунуштар талкууланды», - деп айтылат муниципалитеттин маалыматында.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиргендей, бул маселени министрлик чечип кое турган маселе эмес, ЮНОСКОнун башкы офиси менен макулдашууну талап кылган оор жараян.

«Бул маселени министрлик да, мэрия да чече албайт. Бул маселе абдан чоң маселе. Бул узак мөөнөтү камтыган маселе. Ошону үчүн биз ыкчам түрдө шаардык мэрия, тиешелүү башкармалыктар жана ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Анткени, өзүңүздөргө маалым болгондой, Ош шаарында жаң-жаңы долбоорлор түзүлүп жатат. Ошолорду курууга жер калбай, Сулайман-Тоонун буфердик аймагына кирип калган жерлер керек болуп жатыптыр», - деди ал.

Мадаминов кошумчалагандай, буфердик аймакты кыскартуу боюнча сунуштар бар. Бирок, анын аянты канча болору белгисиз. Анткени, министрлик жергилктүү бийлик менен орток долбоорго токтолгондон кийин аянты өлчөнөт.

«Сунуш-пикирлер бар. Бирок, азыр анын аянты канча экени белгисиз. Сулайман-Тоонун буфердик аймагынын жаңы долбоору боюнча чек араларды белгилегенден кийин гана аянтын өлчөп чыгабыз», - Мадаминов.

Азырынча буфердик аймак канча гектарга кыскарары так белгилүү эмес. Бирок, министрликтин адистери да, жергиликтүү бийлик жана шаардык архитектуар макул болгон орток пикир бар. Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош аймактык башкармалыктын башчысынын орун басары Рысбек Токоев кабарлагандай, алгач жергиликтүү бийликтин «буфердик аймактын чеги тоонун корук аймагынын чеги менен бирдей болсун» деген сунушу болгон. Бирок ага министрликтин адистери макул болгон эмес. Анткени, ЮНЕСКОнун талаптары да эске алуунага тийиш болгону айтылган.

«Сулайман-Тоонун аянты 79 гектар. Анын корук аймагы Курманжан датка, Гапар Айтиев, Алишер Навои көчөлөрүнүн кесилишине чейин жайгашкан. Биз буфердик аймагынын чегин корук аймагынын чегинде эле калтыралы деп сунуш бердик. Бирок, алар да өздөрүнүн сунушун берген. Тиги жагы Манастын айкели жайгашкан айлампанын жанындагы 32 гектарды буфердик аймактан чыгаруу менен Ак-Бууранын жээги аркылуу Курманжан датка көчөсүн менен Сулайман-Тоонун түндүк жагындагы калктуу конуш менен аядоо аянтынын чек арасы аркылуу Г. Айтиев, Навои көчөлөрү аркылуу өтөрүн сунуштап жатышат. Биз ага дагы макулбуз. Себеби, бизге негизинен «Ош сити», «Айти сити» курулуп жаткан жерлерге негизинен шаар курулуп жатат. Анан калса Манас айлампасынын жанындагы 32 гектар жер да керек болууда», - Токоев.

Сулайман-Тоонун учурдагы буфердик аймагы 5 миң гектарга чукулдайт. Рысбек Токоев түшүндүргөндөй, азыркы буфердик аймагы өтө чоң болуп калгандыктан, шаарды кеңейтүү маселелси орчундуу бойдон калууда.

«Сулайман-Тоонун учурдагы буфердик аймагы абдан эле чоң. Бул жагы Рысбай Абдыкадыров көчөсү менен барып, Дом-Быта кичи районунун өзүнө камтып, нары жагынан Өзгөн көчөсү кошулат. Аны менен кошо Ысакбек Мониев көчөсү менен Ак-Бууранын жээгине түшүп, Курманжан датка көчөсү аркылуу «Достук» чек арасына чейин барат. Бул жагы Сүрөт-Таш айылы аркылуу өтүп, Өзбекстандын менен чек аралаш жак менен айланып келип туруп, Ош шаары менен Араван районунун чек арасына чейин жетип, Керме-Тоону өзүнө камтып отурат. Шаар келечекте өнүгө турган аймактын баары буфердик аймакка кирип калган», - деди ал.

Аскаралы Мадаминовдун пикиринде, ЮНЕСКОго ынанымдуу сунуш берилип, алардын талабына ылайык, туура, так долбоор жасалышы керек. 

«ЮНЕСКОнун талаптары боюнча, алардын талабына ылайык келген, туура, так долбоор жасалышы керек. Андан кийин үч тоонун аралыгында бири-бирине көрүнүп турган коридорлорду сакташ керек. Ушул маселе боюнча мэрия менен Курулуш министрлиги менен кечээ сүйлөштүк. 
Биз кечээ эле жумушчу сапарды бүтүрдүк. Эртең эле ЮНЕСКОго долбоорубузду бере албайбыз. Бул узак процесс. Бизде 1-2 ай убакыт бар. 1-2 ай убакыттын ичинде жумушчу топ, эксперттик топ, эл аралык эксперттик топторду кошуп, бир жыйынтык чыгарып, андан кийин долбоорубузду ЮНЕСКОго беребиз», - деди ал.

«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башчысынын илимий иштер боюнча орун басары Хайрулло Ибайдуллаевдин маалыматына ылайык, Сулайман-Тоонун корук аймагы 134, 7 гектар аянты камтыйт. Тоонун буфердик аймагынын так аянты белгилүү эмес, бирок 4 миң 800 гектардан ашык аянты камтыйт.

Сулайман-Тоонун буфердик аймагы боюнча маселе ар бир жаңы мэрдин тушунда көтөрүлө турган маселе болуп саналат. Таалайбек Сарыбашов мэр болуп турган учурда да тоонун буфердик аймагын кыскартуу боюнча сунуштар берилгени боюнча маалыматтар чыгып, кийин ал маселенин дайын-дареги белгисиз бойдон калган. 

Ош шаарынын азыркы мэри Жеңишбек Токторбаев Сулайман-Тоого жасаган рейдинин натыйжасында тоону мэриянын ыкчам башкаруусуна берүү тууралуу сунушун тиешелүү тараптарга бергенин айткан. Бирок, башкарууну жергиликтүү мэрияга берип коюу азырынча мүмкүн эмес.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз