«Бир тууган карындаштарым алдап кетишти»: Биринчи топтогу майыптыгы бар жаран укук коргоо органдарынан жардам күтөт

Бир тууган карындаштарым алдап кетип, жөлөк пул жана пенсиямдын жарымынан ажырадым, эми үйүмдөн ажыраганы турам. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Ош шаарынын Керме-Тоо айылынын тургуну Батыр Омаралиев билдирди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Анын айтымында, карындаштары «үйүңүздүн документи техникалык паспорт боюнча экен, мамлекеттик актысын жасатып, банктан насы 

Анын айтымында, карындаштары «үйүңүздүн документи техникалык паспорт боюнча экен, мамлекеттик актысын жасатып, банктан насы алабыз, сизгө көйгйө жаратпайбыз» деп алдап, үйүнүн документтерин насыя алуу үчүн банктарга күрөөгө коюшкан. Натыйжада үйүн банкка алдырып жиберүү коркунучу жаралган.

«2018-жылы карындаштарым үйүмдүн документтерин жасашып, «банктан акча алып туралы, сизге кесепетин тийгизбейбиз» дешип, уруксат сурашканда макул болгом. Ошондон кийин өздөрү үйүндүн мамлекеттик актысын жасатышып, банкка күрөөгө коюшкан. Биринчи өз макулдугум менен бир тууган карындаштарым болгону үчүн бергем. Алардын Кара-Суудагы базарда буюмдарды дүңүнөн сата турган соода жайлары бар эле. Биринчи жакшы эле иштеп жатышкан. Кийин менин уруксатымсыз эле, үйдүн документтерин бир банктан экинчи банкка күрөөгө коюп салышыптыр.  Алар көрсө Оштогу бир коммерциялык банкттардын биринен 4 млн насыя алышкан экен. Анан мен ал карындаштарымды уруша алабайм же катуу айта албайм. Кийин кеч болуп калды.

Көрсө булар алдамчылык менен шугулданып, Ишкаван айылындагы жерлерди алып, андагы жерлерге документ иниме документ жасашып, ага дагы насыя алышкан экен. Ошол насыялардын бирине менин үйүмдүн документтери коюлуп, дагы бир күрөөгө атамдан калган үйдүн документетри коюлган экен. Азыр атамдан калган үйдү банк алган окшойт, менин үйүм алынабы же жокпу белгисиз бойдон турат. Мындан сырткары, Кара-Суудагы микрокреддик банкттардын бирине күрөөгө коюшкан экен, аны да төлөй албай калышып, сот болуп, соттун чечими менен менин пенсиям менен жөлөк пулумдун жарымын банкка алып коюшту. Өзү 8 миңден ашык пенсия алат элем, азыр 4 миңден ашык гана алып калдым. Мындан улам Оштун милициясына, Ош шаардык жана облустук прокуратурасына, Акыйкатчы институтуна кайрылдым, бирок майнап чыккан жок. Ошондуктан, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, президентибиз Садыр Жапаровго кайрылып, мага жардамб ерип коюушун суранам», - деди ал

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз