БШК милицияга №30 округдан Жогорку Кеңешке талапкер болгон Нурдиновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген жок
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 24-ноябрда Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын №30 окуругунан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Бейшеналы Нурдиновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу өтүнүчүн карады.
БШКнын юристи билдиргендей, Нарын милициясы талапкерди добуш сатып алууга аракеттенди деп шектеп жатат. Анын айтымында, талапкер жана анын жакын тууганы добуштарды сатып алуу максатында Тойчуманов аттуу жаранга 45 миң сом берген деп айтылууда.
Кийинчерээк Нурдинов БШКга Тойчуманов жазып берген тил каттын көчүрмөсүн көрсөткөн. Анда Тойчуманов Нурдиновдун жубайынан 45 миң сомду карызга алганын билдирген.
БШК тараптардын жүйөлөрүн угуп чыгып, Нарын ОИИБдин өтүнүчүн канааттандырган жок — башкача айтканда, талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген жок.
№30 шайлоо округунун чектери: Нарын шаары, Ак-Талин, Нарын жана Ат-Башы райондору. Бул округда 136 756 шайлоочу катталган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



